Урматтуу архив кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Архив кызматынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Архив кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Архивдер жөн гана документтердин сактагычы эмес, алар тарыхтын жандуу далили, ансыз биздин өткөндү, азыркыны жана келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында биздин урпактар мамлекетибизди жана коомубузду түптөгөн маанилүү окуялар, инсандар жана доорлор жөнүндө биле алышат.
Сиздер күн сайын өткөнүбүздү сактоого, муундар ортосундагы байланышты камсыздоого жана тарыхыбыздагы маанилүү учурларды эстеп калууга салым кошуп келесиздер.
Урматтуу кесиптештер, Сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоону, чыгармачылык ийгиликтерди, кесиптик жеңиштерди жана жөнөкөй адамдык бакыт каалайм
Сиздерди терең урматтоо менен Архив кызматынын төрагасы Мария Артельевна Алыбаева