Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 30-октябрынан баштап 11-ноябрына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105, 2-кабат, 26-кабинет
- Байланыш номери: 62-13-24
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
-
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
{}
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Суроо-талаптарды аткаруу бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти
1
- Бөлүмдүн жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзөт.
- Жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин социалдык-укуктук, тематикалык мүнөздөгү кайрылууларын жана суроо-талаптарын аткарат (архивдин илимий-маалыматтык аппаратын изилдейт, документтерди аныктайт, архивдик маалым каттардын тексттерин түзөт).
- Архивдик документтерди пайдалануу боюнча бардык талаптарды аткарат.
- Өзүнүн квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукту окуйт, ишмердүүлүк багыты боюнча жана бүтүндөй архив иши боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт.
- Ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.
2
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти
1
Документалдык басылмаларды даярдоого катышат. Документтерди аныктоону жүзөгө ашырат. Алардын илимий баалуулугун аныктайт жана тандоону жүргүзөт. Археографиялык дасалгалоону, документтерге түшүндүрмө жазууну жүзөгө ашырат. Илимий-маалымдама аппаратын жана басылманын макетин даярдайт, текстти оригинал менен салыштырат.
Тематикалык суроо-талаптарды аткарат.
Документалдык көргөзмөлөрдү даярдоого катышат.
Архив документтеринин купуялуулугун алуу боюнча, Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна материалдарды даярдайт.
Ишмердүүлүк багыты боюнча макалаларды жана маалыматтарды даярдайт.
Архивдик документтер боюнча документтерди, теле, радиоберүүлөргө берүүгө тандайт.
Мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар уюмдарга актуалдуу тематика боюнча архивдик документтер жөнүндө маалыматтык каттарды даярдайт.
Архивдин илимий-маалымдама китепканасында иш жүргүзөт.
Археография жаатындагы мыкты тажрыйбаларды изилдейт, аны бөлүмдүн иш практикасына киргизет.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.
3
Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн башкы архивисти
1
- Өзүнүн ишин бөлүмүнүн жылдык жана келечектеги иш пландарына, ички эмгек тартибинин эрежелерине ылайык уюштурат.
- Маалыматтар базасынын программасын түзөт жана өркүндөтөт.
- КР БМАнын коллегиалдык органдарынын өздөрүнүн пландык тапшырмаларын, чечимдерин белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылат.
- Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.
- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
- Билүүсү керек:
- Иш багыты боюнча перспективдүү жана учурдагы пландарды иштеп чыгат, алар боюнча отчетторду даярдоого катышат. Архив кеңешинин ишине зарылдык боюнча катышат
- Сактоочу жайларга көзөмөл жүргүзөт.
- Сактоочу жайга келген мамлекеттик документтерге эсеп жүргүзөт.
- Документтердин баалулугуна экспертиза жүргүзөт.
- Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
4
Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн архив сактоочу жайынын башчысы
1 Сактоочу жайдагы документтердин сакталышын, эсепке алынышын жана сарамжалдуу жайгаштырылышын камсыз кылуу иштерин жүргүзөт
Сактоочу жайларга документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу боюнча иитерди жүргүзөт.
Белгиленге тартипте документтерди, тизимдерди берүү жана ордуна жайгаштыруу, издөө, топографиялоо иштерин жүргүзөт.
Температураны, нымдуулукту жана санитардык нормаларды көзөмөлдөйт.
Документтердин баалулугуна экспертиза жүргүзөт.
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо