Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

WhatsApp Image 2025 12 30 at 112205Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын төрагасы мекеменин кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө архив тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жоопкерчиликтүү эмгеги жана демилгелүүлүгү менен айырмаланган кызматкерлерге ыраазычылык билдирилди. Аларга эсте каларлык белектер жана дипломдор тапшырылып, аткарылып жаткан иштерге оң баа берилди.

Бул жолугушуу жамааттын ынтымагын бекемдөөгө, алдыдагы максаттарды тактоого жана архив тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө болгон ишенимди күчөтүүгө багытталды.

.