Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 14-январынан 20-январына чейин
Саат 08:30 - 17:30
Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көч.105, 2-кабат, 26-кабинет
Байланыш номери: 312 621324
Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архиви
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн инженер-программисти
1
- Компьютердик техниканы тейлөөгө байланышкан иштердин бардык түрлөрүн аткарат.
- Сактагычта вирустардын бар жоктугун системалуу текшерүүнү уюштурат.
- Картридждерди жана көчүрмө машиналарды мезгил-мезгили менен толтурууну уюштурат.
- Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн иштерин жүргүзөт:
- документтерди тандоо менен жарыялоо иштерин жүргүзөт;
- виртуалдык көргөзмөлөргө документтерди аныктоо боюнча иштерди уюштурат жана даярдайт;
- документтерди компьютерге басуу ишин аткарат;
- китептердин аталыштары үчүн карточкаларды жасайт.
- китептердеги маалыматтарды компьютерге киргизет.
- өз ишинде бөлүм башчыга отчет берет, бардык көрсөтмөлөрүн жана архив жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткарат.
- Колдонууда чектелген документтер менен иштөө эрежелерин сактайт.- 21 жаштан жогору;
- орто жана жогорку билимдүү;
