Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

WhatsApp Image 2026 02 05 at 10.04.53

2026-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Базарбаева Нуркыз Алтынбековна менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын директору Курманалиева Асель Абылкановнанын жолугушуусу өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө, ошондой эле архив мекемелеринин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо чөйрөсүндө узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • - архив тармагынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана башка кызыкдар тараптар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • - архив иши жана архив таануу жаатындагы адистердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөктөшүү.
  • - тажрыйба, билим, окуу-методикалык жана аналитикалык материалдар менен алмашуу.
  • - биргелешкен конференцияларды, тегерек столдорду жана форумдарды өткөрүү.
  • - архивдик ишмердүүлүккө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүү, ошондой эле башка багыттар боюнча кызматташуу.

Бул макулдашууга кол коюу адистердин кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт жана архив тармагынын ишине заманбап ыкмалар менен технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт