Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивиндеги бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 2-мартынан баштап 11-мартына чейин
Саат 08:30 до 17:30
Адрес: Бишкек шаары, Токтогул көч.105, 2-кабат, 26-кабинет.
Байланыш номери: 0(312) 621324
КР Борбордук мамлекеттик архивиндеги ваканттык орундар
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Илимий-инновациялык технологиялар бөлүмүнүн инженер-программисти
1
Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
- 21 жаштан жогору;
- Орто кесиптик же жогорку билим;
2
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башкы архивисти
1
Бөлум жөнундө жобонун негизинде басып чыгаруу боюнча аткаручу адистердин тобуна методикалык жетекчилик кылат.
Документтердин илими-жана практикалык баалуулугун аныктайт, басып чыгарууга даярдайт.
Документтерге рубрикаларды түзөт. Окуу залына келген изилдөөчүлөр менен иш алып барат.
Бөлүм башчысы жок болгон учурда милдеттерин аткарат.
Жасаган жумушу боюнча отчет түзөт.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнуктурүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
3
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн инженер-программисти
1
Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт.
Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат.
Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.
Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет, чет өлкөлүк архив мекемелеринин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнөт, аны иш практикасына киргизүүнү уюштурат.
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат.
21 жаштан жогору;
Орто кесиптик же жогорку билим;
