Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Чүй региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
С 2026-жылдын 29-июнунан баштап 5-июлуна чейин
Саат 08:30 до 17:30
Дареги: Кант шаары, Маликова көчөсү, 10а, 2-кабат,
Байланыш номери: 61-69-81
Архив кызматынын Чүй региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Документтердин сакталышын камсыздоо жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн-инженер программисти
1
Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат;
Өз ишин жылдык жана перспективдүү пландарына, ошондой эле ЧРБнын кызматкерлеринин ички эмгек тартибине ылайык уюштурат;
Функционалдык милдеттерине ылайык документтердин сапаттуу санариптик көчүрмөлөрүн түзөт;
Санариптештирилгендокументтердин сапатына көзөмөл жүргүзөт;
Түзүлгөн электрондук көчүрмөлөрдүн сакталышы жана толук болушу үчүнжоопкерчилик тартат;
Программалык камсыздоону түзөт жана өркүндөтөт;
Маалымат базасын жана программалык камсыздоонун коопсуздугун камсыз кылат;
Архивдик документтерди пайдалануу жана жарыялоо боюнча бардык талаптарды аткарат;
Белгиленген мөөнөттө өзүнүн пландык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт;
Өзүнүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенет;
Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт;
Өрт коопсуздугунун жана ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоонун эрежелеринин жана башка бардык колдонуудагы тармактык нускамалардын талаптарын аткарат;
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат;
Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
2
Документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жетекчилик бөлүмүнүн башчысы
1
Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде топтоо булактарынын мекеме архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жардам берүүсү менен толуктоо бөлүмүнүн ишине жетекчилик кылат;
Бөлүмдүн ишин уюштуруу максатында региондук архивдин жобосунун негизинде бөлүмдөгү план отчеттун аткарылышына жооп берет, документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуру-усулдук кылуу жана өнүктүрүү ишин жүргүзүүгө көзөмөл жүргүзөт;
Чейрек сайын бөлүмдүн отчетун даярдайт жана жеке өздүк (индивидуальный) отчетун түзөт;
КРнын УАФнын документтери менен топтоо, документтердин баалуулугун аныктоого экспертиза, тармактык мекемелердин архивдеринин ишине жана иш жүргүзүүдө (делопроизводство) документтерди уюшулушуна усулдук-уюштуруу ишине көзөмөл жүргүзөт;
Архивдерди документтер менен комплектөө, облустук топтоо булактары болуп эсептелген юридикалык жактардын тизимин түзүп ЭТУКка бекитүүгө алып чыгат;
Усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт;
ЭТУКтун мүчөсүнө кирет, документтерди (маалымат, чечимдин проектин, справка) даярдайт жана райондук мекеме-уюмдардын иштердин номенклатураларды, жоболорунун проектерин туура аткарылышын көзөмөлдөйт;
Семинарларды жана практикалык жардам берүү боюнча слайддарды даярдайт жана өткөрөт;
Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт;
Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат;
Бөлүмдөгү кызматкерлердин этикасын, кызматтык, ички тартип эрежелеринин талаптарын көзөмөлдөйт жана аткарылышына жооп берет;
Бөлүмдө иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барууну жана өздөштүрүүнү көзөмөл кылат;
Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 2 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын СӨ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3
Документтердин сакталышын камсыздоо жана мамлекеттик эсеп бөлүмүнүн башкы фонд сактоочусу
1
Региондук башкармалыгынын жана бөлүмдүн жобосунун негизинде иш алып барат;
Документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсебин камсыз кылуу жаатында архивдин илимий-изилдөө, методикалык жана практикалык иштеринин негизги багыттарын аныктайт;
Архивдик документтердин сакталышын жана мамлекеттик каттоосун камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт;
Архив фонддорунун курамы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды берүүнү уюштурат;
Башкырмалыкта документтерди сактоону уюштуруу боюнча акт түзүү боюнча иштерди уюштурат;
Башкармалыктын кызматкерлерине мамлекеттик эсеп, документтердин сакталышын камсыздоо маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтөт;
Архивдин бардык бөлүмдөрүндө документтердин сакталышын (анын ичинде документтерди сактоого өткөрүп берүү маселелеринде) колдонуудагы стандарттардын жана эрежелердин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт жана бул эрежелердин бузулушун четтетүүгө багытталган чараларды көрөт;
Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат;
Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт;
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат;
Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын СӨ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4
Документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жетекчилик бөлүмүнүн инспектору
1
Архив иши боюнча мыйзамдарга ылайык облустук мамлекеттик жана ведомстволук райондук архивдердин ишине тескөөчүлүк текшерүү жүргүзөт;
Мамлекеттик архив кызматкерлери тарабынан ведомстволук архивдердин текшерилишин, текшерилгендиги тууралуу справкалардын эрежеге ылайык түзүлүшүн, көрсөтүлгөн кемчиликтердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана ведомстволук архив мекемелерине илимий усулдук жардам уюштурууга, алардын ишмердигине жана иш кагаздарын жүргүзүү иштерине жардам көрсөтөт;
Тармактык архив мекемелеринде сактоодо турган УАФнун документтеринин мамлекеттик эсебин алат.
Тармактык архив мекемелерин төмөнкү багыттар боюнча текшерет;
Мекеме уюм, ишканаларда архив иши боюнча мыйзамдардын аткарылышы;
Архив документтерин жоготуу, бузуу же мыйзамсыз жок кылуу фактыларын карайт. жоголгон документ иш кагаздарды издөө иштерин жүргүзөт жана жыйынтыгын чыгарат;
Текшерилген ведомстволук архивдерге иш кагаздардын абалы тууралуу маалымат кат жазат;
Текшерүү мезгилинде КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн укук бузуулар табылса, укук бузгандыгы тууралуу протокол түзөт;
Административдик жаза катары салынган айыптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
УАФтын документтеринин мыйзамга ылайык сактоону камсыз кылат жана кеңеш берет;
Семинар окууларга материалдарды даярдайт, бөлүм жетекчи менен бирдикте өткөрөт;
Жылдык жана чейректик өзү аткарган ишине өз алдынча (индивидуалдык) отчеттук жазуу ишин жүргүзөт.
Архив кызматына жана прокуратурага ай сайын отчет жөнөтүп турат;
Бекитилген эмгекти коргоо эрежесине ылайык техникалык коопсуздугун, өрткө каршы колдонууну камсыз кылат;
Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтерди эвакуациялоо ишине катышат;
Архивисттин этикасын жана ички жумуш эрежелерин сактайт;
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып барат;
Жетекчинин тапшырмаларын мыйзам негизинде аткарат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж.
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын СӨ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
5
Кадр иштерин уюштуруужана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы
1
Кызматкерлердин кызматка кабыл алуу, бошотуу, которуу, эмгек өргүү, иш сапар жана негизги ишмердүүлук боюнча, буйрйктарын дайындайт;
Башкармалыктын жана райондук шаардык архивдердин өздук делолорун калыптайт;
Архив кызматы тарабынан дайындалган райондук архив башчыларынын өздук делолорун калыптайт;
Т-2 карточкаларын жүргүзөт, кызматкерлепдин эмгек китепчелеринин эсебин жүргүзөт жана аларды толтурат. Кадр боюнча отчетторду берет;
Кызматкерлерге аттестация өткөрүү материалдарын даярдайт;
Чогулуштарга катышат;
Башкармалыктын жана райондук, шаардык ,аймактык архивдердин штат боюнча туура жайгаштыруу иштерине анализ жүргүзөт;
Эмгекти коргоо эрежесинин тартибине ылайык техникалык коопсудукту, өрткө каршы жабдыктарды колдонуунун тартибин сактап, кызматтык этиканы,милдеттемени сактап иш жүргүзөт;
Өзгөчө кырдаал болгон учурда документтердин сакталышын камсыздоо жана документтердин эвакуациялоо ишине катышат;
Бѳлүмдѳгү кызматкерлердин этикасын, кызматтык, ички тартип эрежелеринин талаптарынын аткарылышына жооп берет;
Жетекчинин тапшармаларын ѳз убагында аткарат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив тармагында 2 жылдан кем эмес стажы болуусу керек;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын СӨ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
6
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмү архивист
1
Жарандарга архивге өткөрүлгөн маалыматтарды берүү; мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жарандардын суроо-талаптарын белгиленген тартипке ылайык аткаруу;
Юридикалык жана жеке жактардын арыздарын аткаруу;
Талап формасынын (буклет, баракча) негизинде сактоодон тизмелерди жана документтерди кабыл алуу, берүү жана тапшыруу үчүн жооптуу;
Маалыматтарды туура көчүрүп алуу (архивдик маалымкаттар, көчүрмөлөр ж.б.) жана аларды компьютерден туура басып чыгаруу үчүн жооп берет;
Почта аркылуу келип түшкөн социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү суроо-талаптарды сканерлеп, райондук архивдерге жөнөтөт;
Каттарды почта аркылуу жөнөтөт;
Жубилейлик даталарга байланыштуу колдонулуучу документтерди (протоколдор, маалымкаттар, каттар ж.б.) бөлүм башчысы менен биргеликте даярдайт;
Бөлүм башчысы менен биргеликте жыйнактар үчүн материалдарды даярдайт;
Эмгекти коргоо эрежелерине ылайык иш алып барып, коопсуздук техникасын, өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу тартибин жана кызматтык этиканы сактайт;
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда документтердин сакталышын камсыз кылууга жана аларды эвакуациялоого катышат;
Бөлүм кызматкерлери тарабынан этикалык нормалардын, кызматтык этиканын жана ички эмгек тартибинин талаптарынын сакталышы үчүн жооп берет;
Жетекчинин тапшырмаларын өз убагында аткарат.
21 жаштан жогору;
Жогорку же атайын орто билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
7
Документтерди топтоо жана мекемелердин архивдеринин ишине уюштуруу-усулдук жетекчилик бөлүмүнүн жетектөөчү архивист
1
Архивдик документтердин мамлекеттик эсебин жүргүзүү жана илимий-маалыматтык аппаратты (ИМА) түзүү боюнча бөлүмдүн милдеттерин аткарууга бөлүм башчысы менен биргеликте катышат;
Мамлекеттик эсепке алуу жана илимий-маалыматтык аппаратты жүргүзүү иштеринде документтердин саны жана курамы боюнча маалыматтарды аныктап, эсеп документтеринде чагылдырылышын, алардын толуктугун жана абалын көзөмөлдөйт;
Эсептик документтерге эсеп номерлерин ыйгарууну, архивдик өзгөчө белгилерди сактоо бирдигине коюуну, алардын эсебин жана коопсуздугун камсыз кылууну, архивдик тизмелерде эсеп номерлеринин туура көрсөтүлүшүн камсыздайт;
Документтердин сактоо бирдигин, эсебин уюштуруу, эсептик документтердин системасын жүргүзүү жана негизги эсеп документтеринин негизинде бөлүм башчысы менен биргеликте иш алып барат;
Фонддордун жалпы (делолордун) көктөмөсүн тактап чыгат жана ички тизмесин түзүү иштерин жүргүзөт;
Фонд барактарын түзүү жана фонд барактарына өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин жүргүзөт;
Архивдик документтердин мамлекеттик эсебин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерине илимий-маалыматтык аппаратты түзүү жана өркүндөтүү боюнча окуу семинарларына, маалыматтык иш-чараларга катышат;
Жылдык жана чейректик аткарылган иштер боюнча алдын ала (индивидуалдык) отчетторду даярдайт;
Эмгекти коргоо эрежелеринин, техникалык коопсуздук талаптарынын, өрт коопсуздугу жана кызматтык этиканын эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
Жетекчинин тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткарууга милдеттүү.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж.
Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Жайыл райондук мамлекеттик архивинин ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Башкы фонд сактоочусу
1
Документтердин толуктугун текшерет жана аларды физикалык-химиялык абалына талдоо жүргүзɵт,аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарат;
Архивде сакталууда турган документтердин эсеби боюнча иш жүргүзөт;
Эсеп документтерине жазууларды киргизет, өзгөрүүлөр пайда болушуна карай туруктуу иштейт жана ага жоопкерчиликтүү;
Документтердин ɵзүнүн ордуна жайгаштырылышын ишке ашырат;
Жоголгон документтерди издɵɵ иштерин архив сактоо жайынын башчысы менен бирге жүргүзɵт жана алардын жыйынтыгын чыгарат;
Архивдик сактоочу жайларды ɵрткɵ каршы коопсуздук, температура-нымдуулук жана санитардык-гигиеналык режимдерин сакталышын камсыз кылат;
Тизимдерди кайра иштеп чыгуу, документтерди экпертизалоо жумуштарын атакарат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
архив тармагында 1 жылдан кем эмес
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Кыргыз Республикасынын СӨ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
2
Жетектөөчү архивист
1
Архив иштеринин негизги багыттары боюнча усулдук докементтерди, эрежелерди окуп үйрөнөт жана өздөштүрөт;
Документтердин толуктугун жана абалын текшерүү боюнча жумуштарды жүргүзүгө катышат, алардын жыйынтыгын чыгарат;
Документтерди пайдалануу үчүн издеп табат;
Кагаз негизинде документтерди реставрауиялоо, өчкөн текстерди калыбына келтирүү жумуштарды аткарат;
Документтерди түгөлдүгүн жана абалын текшерүү,мамархивде сакталып турган документтердин баалуулугуна экспертиза өткөзүү иштерге сактоо жайынын башчысы менен өткөзөт;
Документтерди өзүнүн ордуна жайгаштырылышын ишке ашырат, фонддордун опистерин тактайт;
Сакто жайларда бирдей температура-нымдуулукта жана санитардык-гигиеналык ритмде сакталашын архив сактоо жайынынбашчысы менен камсыз кылат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Аламүдүн райондук мамлекеттик архивинин ваканттык орундары
-
Аламүдүн райондук мамлекеттик архивинин ваканттык орундары
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Башкы архивист
1
- Бөлүмдө жарандарды маалымат менен камсыздоо алардын суроо-талаптарынын негизинде: мамлекеттик органдардын мекеме, уюмдардын жана жарандардын суроо-талаптарын иш эреженин негизинде аткарат;
- Жарандарды кабыл алат. Жарандардан документ (суроо-талап) тууралу маалыматты алууга керектүү маалыматты алууга керектүү маалыматты дааналап берүүсүн талап кылат;
- Суроо-талаптардын каттоо жүргүзүүдө, суроо- талаптарды оз убагында туура аткаралышына жана социалдык укуктук негизинде арыздардын туура толтурулушуна көзөмөл жүргүзөт;
- Архивге келип түшкөн юридикалык, жеке жактардын суроо талаптарды аткарат;
- Суроо-талаптарды аткаруу үчүн сактоо жайынын документтерди талап кылуу кагазынын (китепченин, баракчанын) негизинде делонун алуу, берүү, описти жана документти алып өткөрүп берүүгө жооп берет;
- Социалдык-укуктук мүнөздүгү маалыматтардын туура берилишин камсыз кылат;
- Социал-укуктук жана тематикалык суроо-талаптар түшкөнүчүн төлөө баасын эсептен (Прейскурантын негизинде) жарандардын банк аркылуу төлөгөн акча каражартын төлөнүшүнө каттоо жүргүзүп, дайыма көзөмөлө алат, каттоо китепчесин жүргүзөт;
- Документтерди массалык маалымат каражаттарына, документтерди окуу залы аркылуу пайдалануу жайылтуу ишин жүргүзөт;
- Юбилейлик даталарга пайданылган документтер (протокол, маалымат, каттар, ж.б.) бөлүм башчы менен бирдикте иш жүргүзөт;Бөлүмдүн жетекчиси менен бирдикте жыйнактарга материалдарды даярдайт.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Мыйзамы;
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
КРнын СӨМ жана ИТ министрлигине караштуу Архив кызматынын Жобосу;
Кыргыз республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери.
1
Жетектөөчү архивист
1
Архив иштеринин негизги багыттары боюнча усулдук документтерди, эрежелерди окуп үйрɵнɵт жана ɵздɵштүрɵт. Документтердин толуктугун жана абалын текшерүү боюнча жумуштарды жүргүзүүгɵ катышат.
Документтерди пайдалануу үчүн издеп табат жана социалдык-укук маанидеги суроо талаптардын арыздарды аткарууга жардам берет Актуалдуу материалдарды камтыган архивдик документтердин негизинде мамлекеттик, коомдук мекеме ишканаларга жана атуулдарга аларга маалыматтын негизинде архивдик кɵчүрмɵ архивдик маалымат жана архивдик копия даярдап, жообун Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтʏнɵ караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты ɵнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин прейскурантынын негизинде маалымат берет.
Архив иштери боюнча жетекчилик тарабынан берилген башка тапшырмаларды аткарат;
Сактоочужайлардын иштерине жардам берет;
Сактоочу жайларда эмгектик коргоо, техникалык коопсуздук жана ɵрткɵ каршы коргонуу боюнча эрежелердин сакталышын кɵзɵмɵлдɵйт.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Панфилов райондук мамлекеттик архивинин ваканттык орундары
-
Панфилов райондук мамлекеттик архивинин ваканттык орундары
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Жетектөөчү архивист
1
- Архив иштеринин негизги багыттары боюнча усулдук документтерди, эрежелерди окуп үйрɵнɵт жана ɵздɵштүрɵт. Документтердин толуктугун жана абалын текшерүү боюнча жумуштарды жүргүзүүгɵ катышат.
- Документтерди пайдалануу үчүн издеп табат жана социалдык-укук маанидеги суроо талаптардын арыздарды аткарууга жардам берет Актуалдуу материалдарды камтыган архивдик документтердин негизинде мамлекеттик, коомдук мекеме ишканаларга жана атуулдарга аларга маалыматтын негизинде архивдик кɵчүрмɵ архивдик маалымат жана архивдик копия даярдап, жообун Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтʏнɵ караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты ɵнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин прейскурантынын негизинде маалымат берет.
- Архив иштери боюнча жетекчилик тарабынан берилген башка тапшырмаларды аткарат;
- Сактоочужайлардын иштерине жардам берет; Сактоочу жайларда эмгектик коргоо, техникалык коопсуздук жана ɵрткɵ каршы коргонуу боюнча эрежелердин сакталышын кɵзɵмɵлдɵйт
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
