Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

735210755 1325577849734031 56532

Бүгүн 29-июнда, Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Н. Базарбаева, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын начальниги Б. Алайчиев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А. Абдирашитов, акимдин орун басары Б. Бакыбеков жана жана аймактын кадырлуу аксакалдары катышышты.

​Чон-Алай району 1992-жылдын 27-февралындагы өз алдынча район болуп түзүлгөн. Ушул эле жылдын 22-июнунда Чон-Алай райондук архив бөлүмү уюштурулуп, ал эми 2002-жылдын 29-апрелинде мекемеге "Чон-Алай райондук мамлекеттик архиви" макамы ыйгарылган.

​Архивдик документтердин коопсуздугун жана заманбап сакталышын камсыздоо максатында, жаңы имараттын курулушуна жалпы сметалык баасы 13 миллион 400 миң сом болгон каражат бөлүндү. Бул каржылоо КР СӨИТМге караштуу Архив кызматы, Ош региондук башкармалыгы, ошондой эле Чон-Алай райондук жана Ош облустук өнүктүрүү фонддору тарабынан биргеликте камсыздалды.

​Жаңы архив имараты пайдаланууга берилгенден кийин, тарыхый мурастарды келечек муундарга ишенимдүү сактап калууга, санариптик шарттарды жакшыртууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү архивдик кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.