Эмгеги элдин эсинде

Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири болгон Аманов Муктаалы 1916-жылдын 5-ноябрында ордолуу Талас жергесинин Чоң-Токой айлында жарык дуйного келген. Жаш чагында эле келте ыланынан ата-энесинен ажырап, башка айылда жашаган жездеси Сороной менен эжеси Орнайымдын колунда чоноюп күн көрө баштайт. Соронойду ата , Орнайымды апа деп атап калат. Ошентип сегизинчи классты Жамбыл шаарындагы интернатта окуп бүтүп, Бишкектеги педагогикалык техникумга өтүп ошону  менен бирге эле айкалыштырып айылдык советке  жардамчы болуп иштеп жүрдү, бул окуу жайда кыргыз элинин улуу жазуучулары Алыкул Осмонов, Райкан Шукурбеков менен бир курста, бир бөлмөдө   жашап жүрүштү.Өзунун кол жазмасында жазылган  мындайча эскерүүнү айта кетейин: ошол мезгил өтө катаал болгондуктан, эч нерсе жетишпейт, кыйналган убак,  бир куну Алыкул, Райкан үчөөбүз сүйлөшүп отуруп, Райкан мындай деди өгүнү Наркомзем болуп иштеп жүргөн агам Эркинбек Эссенамановдун туулган күнүнө карата жолдошторун чакырганда  Борбордук Аткаруу Комитетинин төрөгасы Абдыкерим Орозбеков да болгон эле байкоомдо такшалган жетекчи сезилди, макул десенер ал кишиге барып алжайыбызды айтып көрөлү деп калса болобу, биз аны угуп кыйналган жаныбыз макул барса баралы дедик, дал ошо түнү Алыкулдун безгеги кармап жатып калды, Райкан экөөбүз эртеси жөнөп калдык, барсак посттон киргизбеди, бизден сурады, кандай иш менен келдиңер, биз аксакалга кирип ал-акыбалыбызды айтып көрсөкпү дедик эле десек, ал жүргүлөчү деп эшикти каккылады, бирок жооп болбогон соң, саатына карап иш убагы эбак бүткөн тура дегиче эшик шарт ачылып Орозбеков аксакал өзу баш багып калса, аны көрүп сүрдөнүп эмне дээрибизди билбей сар санаага түшө калганыбызды сезе коюп, кире койгула балдар деди жумшак мамиле жасап, колубуздагы  калем-кагаз салган баштыгыбызды карап, балдар кайда окуйсуңар деди ары жакта турган блокнотту өзү жакка жылдырып, жанына калемди коюп, кана үкалар кулак силерде дегенде Райкан: агай катык сураган чойчогун жашырбайт демекчи деп башын жерге салып, мен айлыбыз алыс эле деп кайсалай түштүм, Орозбеков ошондо түшүндүм балдар деп блокнотун алып кагаз жазып Райканга карматты да он төртүнчү кабинетке барсаңар калем-кагаз алганыңарга бир аздан пул берет деп, биз рахматыбызды айтып чыгып кеттик да ал жерден жыйырма сомдон берди деп эскерет.

Бул жерден биздин мурдагы жетекчилерибиз эл үчүн, мамлекет үчүн жандарын аябай иштегендигин билсек болот. Аманов өз ишмердуулугун өзүнүн туулуп өскөн жери Талас өрөөнүнөн баштаган:Талас райком комсомолунун катчысы, райондук гезиттин редактору, Талас райком комсомолунун инструктору, андан кийин райком партияда бөлүм башчы. Талас райком комсолунун биринчи катчысы, райком партиянын пропаганда жана агитация бөлүмүн жетектеген, ушул мезгилде борборго чакырылып Фрунзе областтык комитетинин кадрлар бөлүмүнүн башчылыгына коюлуп эки жыл өтпөй Фрунзе обком партиясынын тармактык өнөр жай жана соода жагын жетектеген, андан соң Кемин райком партиясынын биринчи катчысы, андан кийин кезектеги пленум өтүп мында борбордук комитеттин биринчи катчысы А.Вагов Борбордук Комитеттин кадрлар бөлүмүнүн башчылыгына сунуш кылат, бир добуштан кабыл алынган. Үч жыл кызмат кылгандан кийин Жалал-Абад областтык комитетинин биринчи катчылыгына шайланат. Аманов партиялык жооптуу иштерди өз убагында так аткаргандыгы учун биздин көрүнүктүү партиялык мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун көргөзмөсү менен артта калган райондорду алдыга жылдыруу үчүн жетекчиликтерге дайындалган, ишенимдерди актаган өтө чынчыл, акыйкат, эл камын ойлогон эң мыкты кадрлардын ордун толуктаган.

Андан кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы башкы айыл-чарба курулуштар боюнча  башчысы, Талас райком партиясынын биринчи катчысы, акыркы он сегиз жыл бою Кыргыз керек-жарак коомунун башкармасы   кызматында талыкпай эмгектенип, ушул жерден персоналдык пенсияга чыккан. Муктаалы Аманов кыргыз эли үчүн жарым кылымдан ашык ак мээнэттенип иштегендиги үчүн алты орден жана бир нече медалдар менен сыйланган жана дагы Кыргыз ССР Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланган. Аманов он сегиз жыл керек-жарак коомун башкарган мезгилдерде мамлекетибиздин соода  тармагы аябагандай өнүгүүгө жетишкен. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловичтин эскерүүсүндө Кыргызстан Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Муктаалы Амановичтин демилгеси менен борбордогу чоң-чоң базарлар, магазиндер, өндүрүш тармактары курулган  деп айтылып келет. Аманов мамлекеттик иштер менен гана алек болбостон улуттук адабиятка да өз салымын кошуп,  бир канча аңгемелерди, пьеса, сатиралык драмаларды жазган. Мисалы: «Жекен», «Рамызын», «Жүрөк билет», «Чел», «Чырмоок», «балам калды»,»Түнкү баян», «Чолок кыштак», «Мергенчи менен бир түн», «жалгыз тал» ж.б. Быйыл Муктаалы Амановго 105 жыл, өзүнүн бүт өмүрүн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири болгон инсандын жүргүзгөн иш тажрыйбасын азыркы мезгилдеги кадрлар колдонуп иштешсе заман оңолбойт беле, ошондуктан айтаар элем мындай мыкты адамдар эл арасында түбөлүккө сакталып, жаштарга сабак катары тарыхта калса деген оюм бар. 

Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин бөлүм башчысы Н.Кожобекова     

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                   

 

Авторизация