2025-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага “Чоң-Арык” тарыхый музейинин директору, Бишкек шаардык согуштун ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын төрайымы Менсеитова Калбүбү Сагындыковна, Согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник, Кыргызстандын ардактуу атуулу Бейшеев Мелис Ногойбаевич, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Кутанов Марат Асанбекович, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому музейинин директору Устинова Насипа Вениаминовна ошондой эле Ленинград блокадасына катышкан ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери катышты:
- Жусупов Калыгул – оорук эмгекчиси
- Мухамеджанов Шамиль;
- Тольская Галина Ивановна;
- Ащеулова Валентина Ивановна;
- Петкявичене Валентина Исаковна;
- Нестерова Тамара Васильевна;
- Омурбекова Тамара Федоровна.
- Петько Лидия Ивановна – согуш ардагери, оорук эмгекчиси;
Иш-чаранын негизги максаты – Ленинград блокадасынын катышуучуларынан маек алуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондун блокадачылар жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу документтер менен толуктоо, ошондой эле баатырлардын элесин түбөлүккө калтыруу болду. Мындан тышкары, жолугушуу тарыхый чындыкты сактоого жана күбөлөрдүн эскерүүлөрүн жаш муунга өткөрүп берүүгө өбөлгө түздү. Программага фотодокументалдык көргөзмөнү көрүү, коноктор жана согуштун түз катышуучулары менен жолугушуу болду.
Иш-чара эстелик белектерди тапшыруу менен аяктады..
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин эскерүү өлкөбүздүн тарыхынын жана мурасынын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Архив кызматы азыркы жана келечек муундар башындагы бейпил асман үчүн өз өмүрүн жана ден соолугун берген ата-бабаларын таанып, урматтоосу үчүн өткөндүн баатырдык барактарына тиешелүү документтерди чогултуу жана сактоо боюнча иштерди улантат.
.
.