АРХИВНАЯ СЛУЖБА
при Министерстве цифрового развития
и инновационных технологий
Кыргызской Республики

WhatsApp Image 2025 12 25 at 10.25.24 2

Архив кызматы “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборуна демөөрчүлүк колдоо көрсөттү.

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы социалдык мекемелерге көңүл бөлүп, балдарга колдоо көрсөтүү боюнча жакшы салтын улантып келет. Жаңы жылдык майрамдардын алдында Архив кызматынын жамааты турмуштун оор кырдаалында турган балдардын «Акниет» борборуна (мурдагы Балдарды социалдык адаптациялоо борбору) барып тарбиялануучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, борборго керектүү буюмдарды жана эмеректерди тапшырышты.

Бул иш-чара балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана аларга кубаныч тартуулоого багытталган. Биздин жамаат мындан ары да балдарга камкордук көрүү жана колдоо иштерин туруктуу түрдө улантат.