2026-жылдын 13-февралында Сокулук райондук мамлекеттик архивинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык техлолгиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Н.А. Базарбаеванын төрагалыгы алдында Архив кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Архив кызматынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары;
- 2024-жылдын 13-декабрындагы Архив кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;
- 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралардын планы;
- Архив кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата даярдыктар тууралуу.
Жыйындын соңунда тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 2026-жылга бекитилген планды ишке ашыруу жана мааракелик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди.
