Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы
Архив кызматынын документтештирүү жана окутуу борборундагы бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2026-жылдын 13-апрелинен баштап 20-апрелине чейин
Саат 08:30 до 17:30
Адрес: Бишкек шаары, Токтогул көч.105, 2-кабат, 26-кабинет.
Байланыш номери: 0(312) 621324
Документтештирүү жана окутуу борбору
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Техникалык бөлүмүнүн жетектөөчү архивисти
1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусуна (КР УАФ) тиешелүү документтерди тандоо боюнча ишти жүргүзөт;
- архивдик иштеп чыгуу болуп жаткан мекеменин, уюмдардын ведомстволук архивинин документтеринин курамын изилдейт;
- кызматтарды алуучулар менен биргеликте жетишпеген делолор жана документтерди издөө үчүн чараларды көрөт;
- документтердин экспертизасынын баалуулугу, туруктуу, узак жана убактылуу сактоо мезгилдери боюнча ишти уюштурат;
- иштелип чыккан архив иштери үчүн илимий-маалымдама аппаратын түзөт;
- документтердин түрлөрү жана сактоо мөөнөтү менен архивдик иштерди түзүү;
- барактардын номерлөө, ички инвентаризацияны даярдоо, делолордогу ишеним жазуусу боюнча ишти жүргүзөт;
- кагаз негизинде документтердин реставрациясын жүргүзөт;
- жеке тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарат, документтерди ишке кабыл алат, барактардын санын жайгаштыруу тартибин текшерет;
- ишке кабыл алынган документтердин сакталышын камсыз кылат, аткарылган буйрутмаларды өз убагында тапшырат;
- жеке иштин жүрүшү жөнүндө план-отчет түзөт;
- брошюровканы, документтерди тигүүнү жана ар кандай татаалдыктагы көктөмөлөрдүн мукабалоосун жасайт;
- коопсуздук техникасын, эмгекти коргоо ченемдерин сактайт;
- квалификациясын жогорулатат, сакталышын камсыз кылуу боюнча жаӊы иштеп чыгууларды изилдейт, кагаз негизинде документтерди калыбына келтирүү иштерин уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (КР БМА) эксперттик-текшерүү укуктук комиссиянын (ЭТУК) кароосуна архивдик тизимдерди киргизет жана катышат;
- жабдыкка этияттык менен мамиле кылып, аны жумушта туура колдонот, зарыл болсо жетекчинин башка тапшырмаларын аткарат.
21 жаштан жогору;
жогорку билим;
Билүүсү керек:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
