Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

WhatsApp Image 2026 04 30 at 15.45.24 12026-жылдын 28-апрелинде Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас кампусунун студенттери үчүн «Ачык эшик» күнү уюштурулду.

Бул иш-чара жаштарга тарыхый мурастар менен жакындан таанышууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Саякаттын алкагында студенттер архивде сакталган баалуу документтерди көрүп, алардын мааниси жана сакталуу тартиби тууралуу кеңири маалымат алышты.

Архивдин адистери мекеменин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын тарыхка болгон кызыгуусу артып, өткөн муундардын мурасын баалоо сезими тереңдеди.

.