Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

ВАКАНСИИКыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы

Ысык-Көл региондук башкармалыгынын бош кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Документтердин тапшыруу тизмеси:

- өз колу менен жазган арыз;

- резюме;

- кадрдык жеке баракча;

- сүрөт (3х4) 4 даана;

- паспортунун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);

- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- өмүр баян;

- сунуштоолор (эгер болсо)

 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2026-жылдын 8-апрелинен баштап 15-апрелине чейин

Саат 08:30 до 17:30

  

 

Кызматы

Саны

Милдеттери

Талаптар

1

Тоң райондук мамлекеттик архивине архив сактоочу жайынын башчысы

1

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтердин маалыматтарын, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышу;

- командада иштөө;

- архивдин жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзгөнгө жардам берет;

- квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукка үйрөнөт;

- архив ишти жана ишмердүүлүк боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт;

- ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт;

- 21 жаштан жогорку;

- жогорку билим;

- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринин негизги иш эрежелери;

- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик архивине жетектөөчү архивист

1

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтердин маалыматтарын, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышу;

- командада иштөө;

- жылдык планынын негизинде өзүнүн иши боюнча жеке иш планын, айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду түзөт;

- жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин социалдык-укуктук, тематикалык мүнөздөгү кайрылууларын жана суроо-талаптарын аткарат (архивдин илимий-маалыматтык аппаратын изилдейт, документтерди аныктайт, архивдик маалым каттардын тексттерин түзөт);

- архивдик документтерди пайдалануу боюнча бардык талаптарды аткарат;

- квалификациясын жогорулатат, компьютердик сабаттуулукка үйрөнөт;

- архив ишти жана ишмердүүлүк боюнча ченемдик-укуктук документтерди өз алдынча изилдейт;

- ички эмгек тартибин, өрт коопсуздугун, эмгекти коргоону жана башка бардык колдонулуучу тармактык инструкцияларды так сактайт;

- 21 жаштан жогорку;

- жогорку билим;

Билүүсү керек:

- Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.