2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Базарбаева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Жогорку сыйлык көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышын баалоонун жыйынтыгы боюнча Архив кызматы өлкөдөгү эң мыкты беш мамлекеттик органдын катарына кирди.
