АРХИВНАЯ СЛУЖБА
при Министерстве цифрового развития
и инновационных технологий
Кыргызской Республики

Ниже приведены полезные ресурсы для дополнительной информации:

A- A A+

bazarbaeva denarhiv5Урматтуу архив кызматкерлери!

Сиздерди 30-август — Архив кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Архив кызматынын 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 

Архив — элибиздин тарыхый эс тутумун, мамлекетибиздин басып өткөн жолун, коомдун өнүгүүсүн жана ата-бабаларыбыздан калган баа жеткис мурастарды сактаган өзгөчө маанилүү тармак. Архивдерде сакталган ар бир документ — өлкөбүздүн тарыхын тааныткан баалуу булак жана кийинки муундарга калтырылган тарыхый мурас.

Архив тармагын өнүктүрүүгө, тарыхый мурастарды сактоого жана улуттук эс тутумду бекемдөөгө кошкон салымыңыздар жогору баага татыктуу. Сиздердин ардактуу эмгегиңиздер өлкөбүздүн тарыхын бүгүнкү жана келечек муундар үчүн сактап калууда зор мааниге ээ.

Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кесиптик ийгиликтерди, жаңы демилгелерди жана жетишкендиктерди каалайбыз. Архив тармагын өнүктүрүүгө багытталган ишиңиздер ийгиликтүү уланып, тарыхый мурастарыбыз кылымдан кылымга ишенимдүү жеткирилсин!

Кесиптик майрамыңыздар — Архивисттер күнү кут болсун!

Архив кызматынын төрагасы     Н.А. Базарбаева