2026-жылдын 8–12-июнь күндөрү Астана шаарында Казакстан Республикасынын Президентинин Архиви тарабынан уюштурулган III Эл аралык архивистеринин «Digital Archive EXPO» конгресси болуп өттү.
Эл аралык форум архив ишин санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү шарттарында өнүктүрүүгө арналган Борбордук Азиядагы ири кесиптик аянтчалардын бири болду.
Эл аралык архивдер кеңешинин (ICA), ЮНЕСКОнун жана Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 500дөн ашуун делегат катышты. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын атынан төмөнкү курамдагы делегация катышышты:
- - Базарбаева Нуркыз Алтынбековна — Архив кызматынын төрагасы;
- - Бейшеева Н.И. — КР Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары;
- - Айткулиева Б.О. — Архив кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы;
- - Абдырахманов С.К. — Архив кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын башчысы;
- - Алайчиев Б.Б. — Архив кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы.
Казакстан Президентинин Архивинин жана Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунун аянтчаларында өткөн форумдун программасы пленардык сессияны, беш тематикалык панелдик сессияны, MURA эксперттик клубунун TED Talks форматындагы баяндамаларын, ошондой эле ЮНЕСКОнун эл аралык семинарын камтыды. Дискуссиялык аянтчалардын ишине жалпысынан 15 модератор жана 65 спикер, анын ичинде дүйнөлүк алдыңкы эксперттер — Жон Шеридан (Улуу Британиянын Улуттук архивдеринин санариптик технологиялар жана маалымат боюнча директору), Эндрю Пейн (Улуу Британиянын Улуттук архивинин билим берүү жана маалыматтык-агартуу иштери бөлүмүнүн жетекчиси) жана д-р Факсона Банду (ЮНЕСКОнун Коммуникация жана маалымат секторунун Документалдык мурас бөлүмүнүн жетекчиси) катышты.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын жетекчилиги Эл аралык архивдер кеңешинин жетекчилиги жана КМШ өлкөлөрүнүн архив мекемелеринин жетекчилери менен бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле Архив кызматынын региондук башкармалыктарынын жетекчилери санариптештирүү доорунда кесиптик квалификацияны жогорулатууга жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө багытталган Жаш архивчилердин эл аралык жайкы мектебинин ишине активдүү катышышты..
Конгресстин жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алышып, санариптик технологияларды жана жасалма интеллектке негизделген чечимдерди мындан ары да жайылтуу, интеграцияланган маалыматтык тутумдарды өнүктүрүү, маалыматтарды сактоо стандарттарын өркүндөтүү жана коомчулуктун документтик мураска жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик мурасты коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
