Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы кылымга тете мезгилден бери тарыхтын канчалаган баалуу мурастарын сактап, аздектеп аны кийинки урпактарга калтыруу боюнча өз вазийпасын ийгиликтүү өтөп келе жатат. Алардын катарында уюшулганына көп убакыт болбогондугуна карабастан Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгы да өзүнүн “сыр сандыгында” кылым чегиндеги баалуу документтерди катып жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анткени анда 1923-жылдардан берки баалуу тарыхый документтер сакталып турат. Бул баалуу документтер учурунда Ош областтык мамлекеттик архивинде жана Ош областтык мамлекеттик архивинин Кызыл-Кыя филиалында сакталып турган. 2000-жылы Баткен облустук мамлекеттик архиви уюшулгандан кийин облустун аймагына тиешелүү документтердин баары өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 13-октябрындагы Указы менен Баткен облусу түзүлгөндүгүнө байланыштуу ошол эле мезгилден баштап облустун аймагында облустук мекеме-ишканалар уюштурула баштайт.

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2000-жылдын 27-мартындагы №32 буйругунун негизинде Ош облустук мамлекеттик архивинин Кызыл-Кыядагы филиалынын базасында Баткен облустук архив башкармалыгы жана Баткен облустук мамлекеттик архиви түзүлгөн. Баткен облустук архив башкармалыгынын курамына областтын аймагындагы облустук, Баткен, Кадамжай, Лейлек райондук, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мамлекеттик архивдери кирген. Баткен облустук мамлекеттик архиви Кызыл-Кыя шаарынан Баткенге 2001-жылдын 28-февралында көчүрүлүп келинген. 2006-жылы облустук архив башкармалыгы жоюлуп анын милдеттери облустук архив жетекчилигине бириктирилген. Облустук архив Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын 2022-жылдын 8-июлундагы №74 Баткен облустук мамлекеттик архив мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө буйругу менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгы мекемеси болуп кайра түзүлдү. Учурда Региондук башкармалыктын алдында Документтердин сакталышын камсыз кылуу жана мамлекеттик эсебин алуу, Ведомстволук архивдер менен иш алып баруу жана документтерди кабыл алуу, Уюштуруу кадр иштери жана иш-кагаздарын жүргүзүү бөлүмдөрү иш алып барат.

            Архив тармагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомдорун жетекчиликке алып топтоо булагынын тизмесине кирген мекеме-уюм, ишканалар менен тыгыз иш алып барат жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Мекеме-уюмдарда жүргүзүлгөн иш-кагаздарынын сапаттуу сакталышы, туура жүргүзүлүшү үчүн 2015-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн №13-8/256 сандуу буйругу чыгарылды. Буйрукту аткарууга алып архив мекемелери тарабынан жергиликтүү раймамадминистрациялар-дын башчылары-акимдер жана шаарлардын Мэрлеринин колдоосу менен мекеме-уюмдарда ведомстволук архивдерди ачуу, документке жооптуу кызматкерлерди дайындоо, штат бөлдүрүү иштерин көзөмөлгө алууда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Мамархивдерде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 12-июлундагы №243 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын мекемелери жана бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин прейскуранты менен иш алынып барылат.

2022-жылдын 10-сентябрындагы №113 «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” №86 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 11-мартындагы №6 жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин 2022-жылдын 31-мартындагы №96, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив агенттигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын алдындагы Баткен облустук мамлекеттик Архив мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн тарифтеринин (баа) Прейскурантын аткаруу жөнүндө” №49 буйруктарын аткарууга алып тарифтердин прейскурантынын   3.Жарандарга жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук жана тематикалык маанидеги суроо-талаптарына маалымат берүү”- бөлүгү боюнча кызмат акы төлөмдөргө облустун жарандарына 50% жеңилдиктер берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын 2022-жылдын 7-октябрындагы “Жабыр тарткандарга маалымкаттарды акысыз берүү жөнүндөгү” №87 сандуу буйругу (тизмеге ылайык) аткарууга алынат.

Коррупциянын алдын алуу боюнча түзүлгөн иш-пландын негизинде дайыма иш алынып барылып турат. 2015-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигиндеги тутумдуу коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча кадамдык иш-чаралардын Планын”- аткаруу максатында Архив агенттигинин 2015-жылдын 8-апрелиндеги №42 од сандуу буйругу жетекчиликке алынып облустагы мамархивдерде видео көзөмөл жабдуусу орнотулду.

Баткен облустук архив башкармалыгы жана Баткен облустук мамлекеттик архивине райондук керек-жарак коомунун дүкөн үчүн курулган имараты берилген. Аны кайрадан реконструкциялап, ремонттоп архив мекемесинин талабына ылайыктап чыгууга облустук мамлекеттик администрация тарабынан тиешелүү каражат берилген жана андан бери оңдоп-түзөө иштерине архивдин атайын каражатынан жумшалып бир топ аракет жасалууда. Бүгүнкү күндө өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында өрт чыкканда (противопожарный), түтүн болгондо (дымовой), айнектер талкаланганда (на разбитие), ар кандай кыймыл аракеттерге (на движение) белги берүүчү датчиктер койулуп күзөт бөлүмүнө туташтырылды. Суу сакталуучу көлмө курулду. Архив сактоочу бөлмөлөр темир стеллаждар, шкафтар жана картон кутулар менен толукталууда.

Баткен областтык мамлекеттик архивинин түзүлүшү менен архивдик документтердин сакталышын камсыздоо, эсебин тактоо, көзөмөлдөө менен бирге областтык мекеме-уюмдар, жергиликтүү ишканалар, жеке фонддор менен жакындан иштешип алардын тарыхый баалуу материалдары менен архив фондун байытып турууга мүмкүнчүлүк жаралды. Негизгиси жергиликтүү калктын архивдик документтер боюнча суроо-талаптарын өз ордунда жана кыска мөөнөттө аткаруу иштери колго алынууда.

Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгы тарабынан облустук, областтын аймагындагы район-шаарлардагы мекеме-уюмдарда жана ишканаларда иш-кагаздарды жүргүзүү, документтерди сактоо жана сактоо мөөнөтү жеткен учурда архивдерге мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү багытында окуу-семинарлары өткөрүлүп, практикалык жардамдар уюштурулуп турат. Анын натыйжасында иш-кагаздарын жүргүзүүгө жана сактоого болгон жоопкерчилик күчөп, архивдик документтердин сапаты жакшыра баштаган.

Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгында турган документтердин негизги бөлүгүн совет доорундагы материалдар, мамлекеттик уюмдардын ишмердүүлүгү, коллективдүү чарбаларды уюштуруу, жеке чарбалар, жер саясаты, колхоз-совхоздор, мамлекеттик мекеме-ишканалар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомдук уюмдар ж.б. ошондой эле Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки областтык, райондук жана шаардык башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана коомдук мекемелердин, эл аралык, финансылык уюмдардын, банктардын, мекеме-ишканалардын, чарбалардын жана башка ишканалардын, коомдук жана мамлекеттик белгилүү инсандардын жеке фонддору түзөт. Улуу Ата Мекендик согуш фронтуна жөнөтүлгөн жардамдар, жеке инсандардын салымдары, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, элге эмгек синирген атактуу инсандар жана коомдук ишмерлер боюнча материалдар да бар.

Документтердин илимий-справочниги, тизимдери, тарыхый маалыматтары, жол көрсөткүчү түзүлүп маалыматтарды жарыялоого, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тиешелүү шарт түзүлүүдө. Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгы менен жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелердин байланышы чыӊдалып, изилдөөлөр, илимий-практикалык иш-чаралар биргеликте өтүлө баштады. Архивдик материалдарды камтыган бир канча илимий изилдөөлөр басма сөз беттеринде, массалык-маалымат каражаттарында үзгүлтүксүз жарыяланып келе жатат.