Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

1944-жылдын 22- июнунда Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин Президиумунун жарлыгы менен Талас областы түзүлүп, Талас облустук мамлекеттик архиви ачылат.

1956-жылдын 12-январында Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин Президиумунун жарлыгы менен Талас облусу жоюлганына байланыштуу, Талас облустук мамлекеттик архиви жоюлуп, 1919-1956 ж.ж. архивдик документтер Фрунзе шаарындагы борбордук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилген.

 1965-жылдын 15-апрелинде Эмгекчилер депутаттар Кеңешинин Талас райондук аткаруу комитетинин № 148 чечиминин негизинде Талас райондук мамлекеттик архиви кайрадан Борбордук мамлекеттик архивинин Талас шаарындагы филиалы болуп өзгөргөн.

 1980-жылдын 13-сентябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Жарлыгы негизинде облустун уюшулушу менен бирге кайрадан Талас облустук мамлекеттик архиви болуп аталышы өзгөртүлгөн.

1988-жылы Талас облусу жоюлуп, аны менен бирге 1988-жылдын 10-октябрында Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу мамлекеттик архив башкармалыгынын № 27 буйругу менен Талас облусу мамлекеттик архиви кайрадан Борбордук мамлекеттик архивдин филиалы болуп өзгөргөн.

Талас облусунун кайрадан уюшулушу менен 1990-жылы 14-декабрында Борбордук архивдин филиалы кайрадан Талас облустук мамлекеттик архиви болуп өзгөргөн.

1993-жылы Талас облустук Архивдер жана документациялар башкармалыгы ачылган. 2005-жылдын декабрь айында Архивдер жана документациялар башкармалыгы жоюлуп, анын аткарган кызматы Талас облустук мамлекеттик архивине жүктөлгөн.

2022-жылы Талас облустук мамлекеттик архивинин аталышы Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгы болуп өзгөрөт, анын карамагына Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук мамлекеттик архивдери кирет.

Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгында 542 фонддон турган 84185 сактоо бирдигиндеги облустук мекеме-уюмдардын документтери сакталат. Анын ичинен эң алгачкы уникалдуу документтер бул, 1893- жылдагы Талас лесхозунун карталары, волосту комитеттеринин революция мезгилиндеги документтери, Талас аймагында Совет бийлигинин орногону; немис, кавказ ж.б. калктардын Талас жерине көчүп келгендиги жөнүндөгү документтери, ошондой эле латын жана араб тилиндеги кол жазмалар, Талас аймагындагы белгилүү инсандардын, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин коллекциялары, апрель революциянын   баатырларынын документтери сакталууда. Архив кызматынын Талас региондук башкармалыгынын негизги милдети – КРнын Улуттук фондусунун документтери толуктоо жана мамлекеттик архивде сактоо болуп эсептелет. Ошондой эле облустагы мекеме-уюмдарда иштеген адамдардын, чет өлкөдө жана кошуна шериктеш мамлекеттерде иштеп жатышкан кыргыз атуулдарына жана Талас аймагында жашап, көчүп кетишкен жарандардын суроо-талаптарын каанаттандырат жана архивдик документтердин негизинде жыйнактарды, маалымдагычтарды, эскертмелерди, фонд аралык жол көрсөткучтөрдү, макалаларды ж.б. жазуу, көргөзмөлөрдү уюштурат, конференцияларды өткөрөт. Архив кызматкерлери мекеме-уюмдарга архив ишин алып баруу боюнча, номенклатураларды түзүү жана иш-кагаздарды туура жүргүзүү боюнча методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле КР Өкмөтүнүн №120 токтомунун аткарылышы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме, ишканаларга семинар-окууларды өткөрүп турат.

Талас облусунун архив мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында иш аракеттер жазалууда. 2011-жылдын 12-август айында Талас райондук мамлекеттик архиви евроремонт жазалган жаңы имаратка ээ болгон, 2016-2017 жылдары Талас облустук мамлекеттик архивинин имаратынын ичинде капиталдык евроремонт иштери жүргүзүлгөн. 2018-жылы Кара-Буура райондук мамлекеттик архивине жаңы имарат курулду, 2019-жылы Талас шаардык мамлекеттик архиви жаңы имаратка ээ болду.2023-жылы Талас шаардык жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивдердин эски имаратына кошумча сактоочу жайды куруу жана капиталдык ремонтун жүргүзүү иштери башталды.