Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ош облустук мамлекеттик архивинин түптөлүү тарыхы 1929-жылдын 1-мартынан башталат. Түштүк кыргызстандын кантондору бириктирилип, Ош округу болуп түзүлгөн мезгилде областтык аткаруу комитетинин алдындагы округдук Архивдик бюро түзүлгөн. 1930-жылы Ош шаарындагы бул аймактык архив Ош мамлекеттик архиви болуп кайрадан түзүлгөн жана анын курамына областтагы кайрадан түзүлгөн алты райондук архивдер кирген.

1931-жылдын 14-ноябрынан Ош мамлекеттик архиви Араван-Буура архив сактоочу жайы болуп саналган.

Облустук мамлекеттик архив мекемелеринде сактоодо турган документтер, Совет бийлиги жана эгемендүүлүк жылдарында областтын, шаардын, райондун өнүгүү тарыхы коомдук-саясий, эканомикалык жана маданий турмушунун өнүгүшү жөнүндөгү маалыматтарды чагылдырат.

1940-жылдын 26-январында Ош областтык архив башкармалыгы түзүлүп, областтык денгээлдеги өз алдынча архив болгон. Андан кийин Ош областтындагы НКВДнын областтык мамлекеттик архиви болуп, бир мекемеге бириктирилген. Архив кызматы НКВДнын архивинин эрежелеринин негизинде иш жүргүзгөн. Өзгөчө жашыруун документтерди сактоого дыккат көңүл бурулган.

1940-жылдын аягында Ош областтык партиялык архив түзүлгөн.

Ош мамлекеттик архивинин 1949-жылы 01.01. билдирүүсүндө берилүүчү паспортунун негизинде областтык архивде 221 фонд, 38742 сактоо бирдиги болуп, алты штаттык кызматкер иштеген.

1963-жылдын 26-июлундагы Аткаруу комитетинин №253 чечиминин негизинде биринчи жолу Архив кызматынын ишинин сапатын жогорулатуу жана адистерге шарт түзүү максатында, Ош областтык мамлекеттик архивине Комсомол көчөсүнүн Чкалов бурчунан имарат куруу үчүн 250 кв.м. жер аянтын бөлүнүп берилген. 1964-жылы Республиканын архив мекемелеринин ишин жандандыруу максатында структураларына өзгөртүү киргизгендигине байланыштуу шаардык жана райондук архивдер жоюлган.

1970-жылдын 6-августунда Областтык аткаруу комитетинин №40 чечими менен Жалал-Абад филиалына типтүү имарат куруу жагы каралган.

1970-жылдардын башталышында эле Архив тармагынын иш аракеттерин өнүктүрүү иштерин жайылтуу жетекчиликке алына баштаган. Жергиликтүү бийликтердин колдоосу менен 1970-жылы Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарлары Ош областтык архивинин филиалы болуп түзүлгөн. Жалал-Абад районуна 5 район 4 шаар №1 тизмеде 640 мекеме-ишканалар турган. Кызыл-Кыя филиалынын карамагында 4 район, 2 шаар жалпы мекеме-ишканалардын тизмеси №1-178, №2-362 болгон.

1972-жылы Областка жөндөмдүү кызматкерлерден илимий-усулдук иштерди жогорулатуу үчүн усулдук комиссиясы бекитилген. 1974-жылы 1-июлда областтык архивинде эмгектенген кызматкерлердин жалпы саны 74 адам болгон.

1974-жылдын 26-декабрында Ош областтык аткаруу комитетинин №515 чечиминде архив бөлүмүндө документтерди мукабалоо жана жаңыртуу үчүн лаборатория түзүүгө тапшырма берген.

1967-жылы Жалал-Абад филиалында 20-жылдан ашык директор болуп эмгектенген М.Х.Ханафаеева орто билимдүү болгондугуна карабастан өзүнүн жөндөмдүүлүгү жана ишмердүүлүгү менен жаңы типтүү имарат курдурууга жетишкен.

Өздүк курам боюча документтердин сакталышын камсыздоону, эмгекчилердин социалдык укуктук багыттагы суроо талаптарын аткарууну жакшыртуу максатында Кыргыз ССРинин министрлер Советинин 1977-жылдын 14-июнундагы № 377 токтомунда райондук жанан шаардык бириктирилген өздүк курам боюнча архивдерде документтердин илимий-техникалык иретөө иштерин чарбалык эсеп бөлүмү аткарган. Эң жогорку көрсөткүчтөрү жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Коммунистер партиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргызсов профсоюздун токтомдору менен Ош мамлекеттик архиви Кыргыз ССРинин Минстрлер Советине караштуу Башкы архив Башкармалыгынын “Өтмө Кызыл Туусу” менен сыйланган.

1990-жылдын 14-декабрында Кыргыз ССРинде “Областтык бөлүнүүлөр жана жаңы областтарды түзүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын” негизинде Жалал Абад областты түзүлүп, Ош областтык мамлекеттик архивинин филиалы болгон Жалал-Абад архиви өзүнчө бөлүнгөн.

1991-жылдан баштап областтык мамлекеттик администрацияларга, райондук мамлекеттик администрацияларга архив иштери боюнча алынган Өкмөттүн токтомдорун ишке ашыруу үчүн багыттамалар берилип, Ош мамлекеттик архивинде ошол талаптар аткарыла баштаган. 1992-жылдын октябрь айынан бардык райондук мамлекеттик архивдер бюджеттик камсыздоого өтүшкөн. Бул Республикабыздын базар экономикасынын башталышына байланыштуу эле. 2022-жылы 8-июлда Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын №71 буйругу менен Ош региондук башкармалыгы болуп өзгөргөн. Учурда Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы, 7 райондук мамлекеттик архивдери бар.