Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Кыргызстандын КП(б) БКнин 23.07.1937-жылдагы токтому менен КП(б) БКнин партиялык архиви түзүлгөн.

Кыргызстандын БКП(б) 16.12.1950-жылдын чечиминин негизинде БКП(б) БКне караштуу Маркс-Энгельс-Ленин институтунун Кыргызстандагы филиалы Кыргызстандын КП БКне караштуу Партиянын тарых институту түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 9 декабрь 1991 жылдагы №568 “Кыргыз Республикасынын Саясый документациясынын борбордук мамлекеттик архиви жөнүндө” токтомунда белгиленген:

“ Кыргызстан Компартиясынын жана комсомолунун, жаныдан түзүлүп жаткан партиялардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын документтерин сактоого, топтоштурууга жана ар түрдүү багыттагы документтерди колдонууга шарт түзүү максатында.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынына баш ийүү менен Кыргыз Республикасынын Саясый документациясынын борбордук мамлекеттик архиви Ош шаарындагы филиалы менен түзүлсүн деп токтом чыгарылып. Башкы архив башкармалыгынын балансына имараты, архивдик фондтору, материалдык-техникалык базасы, партиялык архивдин китепканасы өткөрүлүп берилсин деген.

2016-жылдын май айында кайрадан регистрациядан өтүп аталышы Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик коомдук саясий документтер архиви деп өзгөртүлгөн.

Азыркы күндө архив 5 бөлүмдөн турат:

- документтердин эсебин алуу жана камсыздоо

- илимий-ммалымдагыч аппарат

- документтерди пайдалануу жана жарыялоо

- суроо талаптарды аткаруу

- Документтерди топтоо жана уюмдар менен иш алып баруу

Архив өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык коомдук уюмдар, саясий партиялар, улуттук маданий борборлор, чыгармачыл бирикмелер жана башка коомдук уюмдар менен иш алып барууда. Учурда архивдик булактардын тизмесине 59 уюм кирет: 6 Саясий партиялар, 22 профсоюз уюмдары, 9 чыгармачыл бирикмелер, 14 улуттук маданий борборлор, 2 аялдар уюмдары, 2 согуштун ветерандар уюмдары, 3 республикалык коомдук-саясий газеталар редакциялары, 1 КРБМКСДА.

Азыркы учурда КР БМКСДАде мамлекеттик сактоодо 1918-2021-жылга чейинки 2171 фонд жана 573946 сактоо бирдиги жана партиянын мүчөлөрүнүн эсепке алуу карточкалары 1926, 1973 жылдардагы үлгүсүндөгү карточкалар сакталып турат.

Архивде иштеген кызматкерлердин саны 22 кызматкер.