Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Документтештирүү жана окутуу борбору 1996-жылы түзүлгөн.

Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы жетекчиликке алат.

Борбордун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- уюм-мекемелерде сакталган документтердин баалуулугуна экспертизасын жүргүзүү, сакталышын жана эсепке алынышын камсыз кылууга көмөктөшөт;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондунун курамына тиешелүү документтерди тандоо;

- илимий-техникалык иштетүү жана документтерди мамлекеттик архивге сактоого өткөрүү үчүн даярдоого жардам берет.