Кыргыз Автономиялык областынын аткаруу комитетинин «Кыргыз Автономиялык областында архив ишин уюштуруу жана Кыргыз Автономиялык областта жайгашкан мекемелериндеги архивдик материалдарды иретке келтирүү жөнүндө» 1926-жылдын 30-августундагы №59 токтому Кыргыз Автономиялык областта архив ишинин алгачкылардан негизделишине түрткү болгон.
Жалал-Абад областында Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин 1931-жылдын 14-ноябрындагы «Жалал-Абад райондук аткаруу комитетинин алдында райондук базалык архивдерди уюштуруу жөнүндөгү» токтомунун негизинде, 1932-жылдын 1-январында 1-штаттык бирдик-башчысы менен Жалал-Абад райондук-базалык архиви түзүлгөн. Архив райондук Аткаруу комитетинин алдында иштеген жана архивге атайын имарат бөлүнгөн эмес. Ошентсе да Жалал-Абад шаарында иштер жүргүзүлүп, 32 фонд эсепке алынган.
1938-жылы 17-декабрда бардык архив башкармалыктары НКВДга карап, Ички иштер министрлигинин курамында 1960-жылга чейин болгон.
Бир нече жолку аймактык өзгөрүүлөргө байланыштуу архив тармагында көптөгөн структуралык алмашуулар болуп турган. 1939-жылы Жалал-Абад облусунун уюшулганына байланыштуу Жалал-Абад облустук архив башкармалыгы жана облустук архиви түзүлгөн.
Жалал-Абад областынын жоюлгандыгына байланыштуу, 1959-жылдын январь айынан Жалал-Абад областтык архиви шаардык архиви болуп өзгөртүлүп уюшулган жана Ош облустук аткаруу комитетинин архив бөлүмүнө баш ийген.
1964-жылдын декабрь айында Ош облустук мамлекеттик архивинин Жалал-Абаддагы филиалы болуп уюшулган.
Ош облмамархивинин Джалал-Абаддагы филиалы 1974-жыл
Ош облустук архивинин Жалал-Абад филиалына 1974-жылы Жалал-Абад шаарынын четиндеги Курорт көчөсүнө типтүү атайын имарат курулуп, көчүрүлүп чыгарылган. Имарат 3 сактоочу бөлмөдөн турат, 320 сактоо бирдигине ылайыкташтырылган. Архив имараты өтө ынгайсыз, эки тоонун түбүндө жайгашып сел коркунучу дайыма болуп турган, жана биринчи эле көчүп чыккан жылы селге кабылган.
Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин 1977-жылдын 14-июлундагы №277 токтомунун негизинде социалдык-укуктук суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн жана өздүк курамдын документтерин сактоо үчүн Ош облмамархивинин Жалал-Абад филиалынын кармагында 13 бириктирилген ведомстволор аралык өздүк курам боюнча райондук жана шаардык архивдери түзүлгөн. Каржылоо борборлоштурулуп сактоо жана колдонуу үчүн мекемелер, түзүмдөр, колхоздор, совхоздор менен түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнгөн атайын каражаттан турган.
Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин алдындагы Башкы архив башкармалыгынын 30.12.1988ж. №36 буйругуна жана 20.03.1989 ж. №12-а буйругуна ылайык уюштуруу-методикалык башкарууну жакшыртуу жана бириктирилген ведомстволор аралык өздүк курам боюнча райондук жана шаардык архивдерин көзөмөлгө алуу, структурасын кайрадан түзүү максатында Ош облустук аткаруу комитетинен Ош облустук архивинин Жалал-Абад филиалынын жетекчилигинин карамагына өткөрүлгөн.
Кыргыз ССР Министрлер Кенешинин 14.12.1990 ж. “ Кыргыз ССР облустук бөлүнүүнү жакшыртуу жана жаңы облустарды түзүү жөнүндө” токтомунун негизинде Жалал-Абад облусу түзүлгөн себептүү, Кыргыз ССР Министрлер Кеңшине караштуу Башкы Архив Башкармалыгынын 28.03.1991 ж. №6 буйругунун негизинде Ош облмамархивинин Жалал-Абад филиалы Жалал-Абад облустук архиви болуп тузулгөн.
Ошондой эле, 1991-жылы Жалал-Абад облусу кайрадан түзүлгөндө облустук мамлекеттик администрациясынын алдында архив бөлүмү уюшулган. Бирок, толук камдуу бир жыл иштебей жоюлуп, областтагы архив иштерин жүргүзүү Жалал-Абад облустук мамлекеттик архивине жүктөлгөн жана анын натыйжасында архив иши бир топ алга жылган. 1993-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви алгачкылардан болуп бюджеттик каржылоого өткөрүлгөн.
Облус боюнча архив кызматкерлеринин саны 45 штаттык бирдиктен турса, бүгүнкү күндө 122ге өскөн. Облустук мамлекетик архивдин, жана райондук, шаардык мамлекеттик архивдеринин имараттары архив менчигине өткөрүлүп, капиталдык, кезектеги ремонттордон өткөрүлгөн. Заманбап оргтехникалар-компьютер, түстүү принтерлер, ксерокопия, сканер, факс аппараттары, менен камсыздалды.
Архивдин жаңы имараты
Облустук мамлекеттик архивинде мамлекеттик сактоодо турган архивдик документтер Кыргызстандын түштүк аймагынын Совет бийлигинин жана көз карандысыздык учурундагы өнүгүү тарыхын чагылдырат. Архивдик казыналарда облустук, райондук башкаруу органдарынын жана толуктоо булактарынын 1-тизмесине кирген мекемелердин өндүрүштүк ишмердүүлүгү жөнүндө жана өздүк курам боюнча документтери сакталат, мындан сырткары 9 фонддон 234 өздүк архивдик документтери бар.
Эң кызыктуу материалдарды камтыган документтер жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана революциялык, аткаруу комитеттеринин фонддору. Бул фонддордо Совет доорунун курулушу, басмачылык менен күрөшүү, өндүрүштүк мекемелердин өсүшү, айыл-чарба компанияларынын отчеттору, пахтачылыктын өнүгүшү жана маданий курулуштар, эл агартуу, жер-суу чарбаларын реформалоо тууралуу маалыматтар камтылган.
Ал эми Нарын ГЭС курулуш башкармалыгы (Р-577) Нарын дарыясында жайгашкан уникалдуу Кыргыз гидроэнергостанцисынын каскадынын курулушун чагылдырат. Ушундай өнөр-жайлардын өсүшүн камтыган Чыңгыр-Таш күкүрт кени (Р-160), Сумсар жана Терек-Сай Кен башкармалыктардын (Р-757), Кан кени, (р-758) документтери бар.
Кыргызстандын туштүгүн даңазалаган жаңгак токтой чарбаларын жана мамлекеттик коруктардын пайда болушун, өсүп-өнүгүшүн, токой байлыктарын пайдаланууну чагылдырган материалдары сакталат.
Андан сырткары Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын эскерүүлөрү, коомдук саясий көрүнүктүү ишмердиктин өздүк документтери, Афган согушунун, Баткен окуяларынын, эмгек фронтунун катышуулчуларынын эскерүүлөрүн камтыган документтер бар. Улуу-Ата Мекендик согушта болгон окуялар жөнүндө тарыхый материалдарды камтыган фондордон (Р-43, Р-74, Р-226 ж.б.) изилденип «Жалал-Абад облусу Улуу-Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-1945)» аттуу документтер жыйнагы жарык көрүү алдында турат.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда бир облустук – Жалал-Абад региондук башкармалыгы, 8 райондук жана 5 шаардык мамлекеттик архивдери бар.
Облус боюнча жалпы 1987 фонддон 618668 сактоо бирдиги сакталууда, алардын 286994 сактоо бирдиги туруктуу сакталуучу, 331674 сактоо бирдиги өздүк курам боюнча документтер. Булар 1916-жылдан 2021-жылга чейинки маалыматтарды камтыган баалуу документтер.
Жылына облус боюча 4000 жакын көктөмө кабыл алынат, жеке жана юридикалык жактарга 22 миңден ашык архивдик тактамалар берилет.
Ханафеева Магинур Хусаиновна
Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин ИИБ архив бөлүмүнүн башчысы Ханафеева Магинур Хусаиновна 1958-жылдын 30-августунда дайындалган. Жалал-Абад облусунун жоюлгандыгына байланыштуу 1959-жылы Жалал-Абад шаардык архивинин башчысы болуп дайындалган. 1965-жылы шаардык архив Ош облмамархивинин Жалал-Абаддагы филиалы болуп кайра түзүлгөндүгүнөн тартып 1976-жылдын июль айында ардактуу эс алууга кеткенге чейин филиалдын директору кызматында иштеген. Кыргыз ССРдин, СССРдин Башкы архив башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Сайдикрамова Зухра Ходжатаевна
Сайдикрамова Зухра Ходжатаевна 1950-жылы туулган, улуту өзбек, билими орто, эмгек жолун архив тармагында 1973-жылы Ош облмамархивинин Жалал-Абаддагы филиалынын чарбалык эсеп бөлүмүнүн кызматкери болуп баштаган, кийин башкы илимий кызматкер болуп дайындалган. 1976-жылы июль айынан Ош облмамархивинин Жалал-Абаддагы филиалынын директору болуп дайындалып 1985-жылга чейин иштеген. СССР архив ишинин отличниги төш белгиси менен сыйланган.
Көчөков Максут Салиевич
Көчөков Максут Салиевич 1956-жылы туулган, улуту кыргыз, жогорку билимдүү, 1985-жылы Ош педагогикалык институтун аяктаган. Көчөкөв Максут Салиевич иш жолун 1985-жылы Ош облустук мамлекеттик архивинде 1-чи катергориядагы архивист кызматынан баштаган. 1987-жылы Ош облустук мамлекеттик архвинин документтерди топтоо бөлүмүнүн башкы архивисти болуп которулган. Ош облустук мамлекеттик архивинин Жалал-Абаддагы филиалынын башчысы кызматына 1989-жылы дайындалган. Жалал-Абад облусунун уюшулгандыгына байланыштуу 1991-жылы Жалал-Абад облустук мамлекеттик архивинин директору болуп бекитилген жана 2018-жылдын 3-августуна чейин эмгектенген.
Осмонов Абдрахман Куватович
Осмонов Абдрахман Куватович Жалал-Абад облустук мамлекеттик архивинин директору болуп 2018-жылдын 3-августунан дайындалган жана 2020-жылдын 8-сентябына чейин иштеген.
Кудайбердиев Сүйүн Дүйшөбаевич
Кудайбердиев Сүйүн Дүйшөбаевич 2020-жылдын 8-сентябрынан баштап Жалал-Абад облустук мамлекеттик архивинин директору болуп дайындалган. Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы болуп кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын июль айынан Жалал-Абад региондук башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган жана 2023-жылдын 16-майына чейин эмгектенген.