Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Биздин өлкөнүн негизги архивинин тарыхы 1927-жылдын мартында Кыргыз АССРинде Каракыргыз автономиялуу областынын Аткаруу комитетине караштуу Архив бюросунун базасында Борбор­дук архив башкармалыгы (Кыргыз АССРинин Борбордук архиви) чогулуп калган архивдик материалдарды таап, эсепке алуу макса­тында түзүлгөн күндөн башталат. Ал кезде болгону эки кызматкер эмгектенген. Алардын ишкердиги жер-жерлердеги архивдик матери­алдарды издеп таап, эсепке алуу жана топтоштурууга байланышкан.

1929-жылдын 11-февралында Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети өз алдынча башкаруу укугу менен Борбордук архив жөнүндө Жобону бекиткен. Ага ылайык Борбордук архивге бүткүл республика боюнча архивдик мекемелерди жетектөө менен алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жумушу жүктөлгөн.

1938-жылы өлкөнүн бардык архив­дик мекемелери СССР Ички иштер элдик комиссариаттарынын жетектөөсүнө өткөрүлүп берилген. 1939-жылдын майында Кыргыз ССР Ички иштер элдик комиссариатынын буйругу менен Борбордук архив башкармалыгы Кыргыз ССР Ички иштер элдик комиссариа­тынын Архивдик бөлүмү жана Борбордук мамлекеттик архив (БМА) болуп кайра түзүлгөн.

Борбордук мамлекеттик архивде киносүрөтабаз документтери көп топтолгонунан 1941-жылы Борбордук мамлекеттик киносүрөтабаз документтеринин архиви түзүлгөн.

БМА 1958-жылга чейин Улуу октябрь революциясына чейинки, Октябрь революциясынын жана Социалистик курулуштун жашы­руун документтери алынып, илимий-маалыматтык адабияттардын, сүрөт сактооч, китепкана, маалымат столу бөлүмдөрүнөн турган.

1958-жылы Фрунзе облусу жоюлганына байланыштуу, 1941-жылы түзүлгөн Фрунзе облустук архиви штаты менен БМАнын курамына кошулган. Ошол эле жылы Борбордук мамлекеттик киносүрөтабаздокументтер архиви дагы кошулуп, анын бөлүмү болуп калган.

1964-жылы Ички иштер элдик комиссариатынын Архив бөлүмү республиканын Министрлер Советине караштуу Ар­хив башкармалыгына кайра түзүлгөндө БМАда бир катар жаңы бөлүмдөр: чарбалык эсеп башталыштагы илимий-техникалык иштетүү, микрофильмдештирүү, документтерди калыбына келтирүү жана мукабалоо боюнча лаборатория ачылат.

1964-жылы Борбордук мамлекеттик архивдин атайын са­лынган имараты ишке берилип, документтерди сактоону кам­сыздоого чоң үмүт кошуп, иш учурунда зарыл шарттарды түзүү колго алынган.

1972-жылы Министрлер Советинин токтому менен БМАнын Киносүрөтабаз документтер бөлүмү кайрадан Киносүрөтабаз до­кументтеринин архиви болуп бөлүнүп чыккан.

1974-жылы Борбордук мамлекеттик архивде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, маданият менен көркөм өнөрдүн чыгаан өкүлдөрүнүн, эмгек жана согуштун ар­дагерлеринин жана белгилүү инсандардын документтерин сак­тоону камсыздоо үчүн өздүк фонд бөлүмү түзүлгөн. Ошол жылы мамлекеттик сактоого 142 атактуу адамдар материалдарын өздүк фондго өткөрүп беришкен. Алардын арасында Кыргыз ССРинин Эл акыны А.Токомбаев, Кыргыз ССРинин Эл жазуучу Ч.Айтматов, СССРдин Эл артисти, композитор А.Малдыбаев, СССР эл артисттери Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов, илимпоздор К.Каракеев, К.Карасаев ж.б. бар.

1987-жылдын ноябрында илимий-техникалык институттар, конструктордук бюролор, долбоорлоо мекемелери тарабынан түзүлгөн илимий-техникалык документтерди борборлоштуруу максатында республиканын Министирлер Советинин чечими менен Борбордук мамлекеттик архивдин курамынан өз алдынча илимий-техникалык документтер архиви бөлүнүп чыккан.

Кайра куруунун шарапаты менен долбоорлоо институттары менен конструктордук бюролордун кыскарышына байланыш­туу, бул архив 1990-жылы жоюлуп, анын документтери кайрадан БМАга өткөрүлүп берилген.

1991-жылы архивдин штатында 98 адам болсо, кийинки жылы анын саны 23 адамга араң жеткен. Убакыттын өтүшү менен иш өз нугу­на түшүп, бүгүнкү күндө 46 адам эмгектенет. Азыркы күндө архивде 6 бөлүм, мекемелер менен ишштөө, документтердин сакталышын камсыздоо жана мамлекеттик эсеп, документтерди пайдалануу жана жары­ялоо, суроо-талаптарды аткаруу, илимий-иннолвациялык технологиялар; документтерди калыбына келтирүү жана мукабалоо бөлүмдөрү иштейт.

2023-жылдын башына карата 1655 фонддун 569986 с.б. анын ичинен 3153 с.б. купуялуу, 32388 с.б. өтө баалуу документтер болсо, туруктуу сактоого алынган 497376 с.б., өздүк курамдын 72610 с.б. бар. 1917-жылга чейинки (тарыхый) 154 фонддун 7240с.б. документери, 62 фонддун 23913 с.б. илимий-техникалык, 173 фонддун 17846 с.б. өздүк документтер, 1266 фонддун 448377 с.б. башкаруу документтери сактоодо турат.

Архивде китепкана, окуу залы, маалыматтык фонду бар.

Илимий-маалымдама китепканасында 3797 китеп жана брошюралар, 9949 нускадагы гезиттер, 1173 нускадагы журналдар бар.

Маалыматтык фондунда 2 109 усулдук иштелмелер жана журналдар бар.