Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Нарын жергесинде архив ишинин өнүгүшүнүн пайдубалы 1928-жылы 13-сентябрындагы «Кантондук жана райондук аткаруу комитеттеринде архивдик бюро уюштурулуп, иштерин ирээтке келтирүү» жөнүндөгү Борбордук аткаруу комитетинин (ЦИК) токтомунун негизинде түптөлүп, 1928-жылы октябрь айында Нарын кантондук аткаруу комитетинин алдында Нарын кантондук архиви уюшулган. Өкмөттүк комиссиясынын 1930-жылдын 13-сентябрындагы №5 протоколу менен Нарын райондук кантондук архиви Нарын райондук аткаруу комитетинин карамагына өткөн. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин 1931-жылдын 18-июнундагы маалыматында Нарын райондук архиви болуп аталып, ага жанаша жайгашкан Сталин жана Ат-Башы районунун архив ишин кошо тейлөө милдеттендирилген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1938-жылдын 10-сентябрындагы токтомунун негизинде 1938-жылы 17-декабрында архив тармагы НКВДынын карамагына өткөн.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 21-ноябрындагы Указы менен Тянь-Шань облусу уюшулгандан кийин Кыргыз ССРнин Элдик комиссарлар Советинин 1940-жылдын 26-январындагы №81 «Кыргыз ССРде облустун архив башкармаларын түзүү жөнүндөгү» токтому менен Тянь-Шань облустук архив башкармалыгы түзүлүп, ага Нарын облусуна кирген Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Тогуз-Тороо райондук архивдери анын карамагында болгон. Кыргыз ССРнин НКВДсынын 1944-жыл 29-августундагы №00131 буйругу менен архивдик бөлүм түзүлүп Тянь-Шань облустук мамлекеттик архиви уюшулуп 6 адам эмгектенген.

Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1960-жылы 29-июнундагы токтому менен Архив бөлүмү Кыргыз ССР МВДсынын курамынан чыгарылып Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Архив бөлүмү болуп кайрадан уюшулгандыктан, Облустук аткаруу комитетине карап облустук мамлекеттик архив болгон. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1963-жыл 15-апрелдеги №170 токтомуна ылайык Тянь-Шань облусу жоюлгандыгына байланыштуу Тянь-Шань облустук архиви
Нарын шаардык мамлекеттик архиви менен бириккен жана 1964-жылы 19-декабрындагы Кыргыз ССР Министрлер Советинин №561 токтому менен Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик архивинин филиалы болгон. Ал эми Кыргыз ССР министрлер Советинин 1971-жылдын 14-майындагы буйругу менен Нарын облусу кайрадан уюшулгандыгына
байланыштуу филиал Нарын облустук мамлекеттик архиви болуп кайрадан аталган. 1988-жылы Нарын облусу Ысык-Көл облусу менен бириктирилгенине байланыштуу Кыргыз ССР башкы архивинин 1988-жылдын 12-октябрындагы буйругу менен Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин филиалы болгон. Нарын облусу кайрадан уюшулуп 1990-жылы 14-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому менен 1991-жылы Нарын облустук мамлекеттик архиви аталып Эл депутаттарынын Нарын облустук Кеңешине баш ийет. 1992-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдында облустук архив жана документация башкармалыгы түзүлүп, облустук мамлекеттик архиви жана райондук архивдер анын карамагына өткөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын типтүү штаттарын түзүүнүн негизги принциптери» жөнүндөгү 1994-жылдын 19-сентябрындагы №713 токтому жана Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын 1995-жыл 5-майындагы №58а-б буйругу менен облустук архив жана документация
башкармалыгы жоюлуп, облустук мамлекеттик архиви башкармалыктын функциясын кошуп аткаруу менен өз алдынча облустук мекеме болуп иш жүргүзүп келген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» №607 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы №586 токтому менен Нарын облустук архив жана документация башкармалыгы жоюлуп, облустук мамлекеттик архиви башкармалыктын функциясын кошуп аткаруу менен өз алдынча облустук мекеме болуп уюшулган.