Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Чүй облустук мамлекеттик архиви биринчи жолу январь 1938-ж. Ворошилов райондук аткаруу комитетинин документтеринде Ворошилов райондук архиви болуп көрсөтүлгөн.

1958-ж. 11-октябрда Ворошилов району Аламүдүн району болуп аталган, архив дагы Аламүдүн райондук архиви болгон.

Кыргыз ССРнын Жогорку Советинин Президиумунун 5-январдын 1965-ж. чыккан Указынын негизинде Аламүдүн району Кант району болуп жана Кант райондук мамлекеттик архиви болуп аталган.

Борбордук архивдин филиалы болуп Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1964-ж. 19-декабрында №561 токтомунун негизинде түзүлгөн. Аламүдүн райондук архивинин базасында биринчи Кыргыз ССРнын борбордук мамлекеттик архивинин Канттагы филиалы болгон.

Кыргыз ССРнын Министрлер Советинин №6, 10-мартын 1965-ж. Архив башкармалыгынын начальнигинин буйругу менен «райондук мамлекеттик архивдердин туруктуу сактоо бирдигиндеги документалдык материалдары менен Борбордук жана Ош облустук мамлекеттик архиви жана филиалдардын штаттык бирдиктерин бекитүү» Токмок шаардык, Кант,Чүй, Кемин раймамархивдери кыскартылып Борбордук архивдин Канттагы филиалы болуп уюшулган Кант шаарында.

1991-ж.апрель айында Чүй облустук Кеңешинин токтомунун негизинде облуста архив бөлүмү ачылган.

1992-жылы облустук архивдин уюштурулганына байланыштуу Чүй облусунун Кант филиалы болуп өзгөргөн. 1992-ж. июнь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №261 токтомунун негизинде архив бөлүмү кайрадан архив башкармалыгы болуп өзгөргөн.

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштурулгандыгына байланыштуу Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын алдында облустук архивдик документтерди башкаруу башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Мамлекеттик архив агенттигинин жана Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын 1992-ж. 2-августа биргелешкен №54/4-К токтомунун негизинде Чүй облустук мамлекеттик архиви болуп уюшулган.

Чүй облустук мамлекеттик администрациянын буйрутмасы (распоряжение) №144-Р 2000-ж.21-августунда Чүй облустук мамлекеттик архивинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана документтердин сакталышын камсыздоо, сактоо шартын жакшыртуу максатында Чүй облусунун Кант филиалы облустук архивке кошулган.

Кыргыз Республикасынын 2005-ж. 30-ноябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын структурасын оптимизациялоо» Указына байланыштуу архив башкармалыгы жоюлуп , анын милдеттери Чүй облустук мамлекеттик архивине берилген.

2022-ж. 1-август айында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министирлигине караштуу Архив кызматы болуп өзгөргөн. Облустун мамлекеттик мекемелеринде иш кагаздарынын абалын жакшыртуу жана документтерди мамлекеттик сактоого алынуучу мекеме уюмдарды талдап, топтоо булактарына киргизүү, тизмеге катталган мекеме-уюмдардын иш кагаздарды алып баруу жана архив түзүү иштерин көзөмөлдөө, чектелген убагында туруктуу сакталуучу документтерди кабыл алуу, түшкөн документтерди мамлекеттик эсепке алуу, илимий-аппаратын түзүү, сакталышын камсыз кылуу жана архив документтери менен коомчулукту тааныштыруу жарыялоо максатында иш жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министирлигине караштуу Архив кызматынын түзүмүнө 1 шаардык, 8 райондук жана 1 территориалдык мамлекеттик архив кирет. Облус боюнча 2022-ж. 1-январына карата 2718 фонд 537690 сактоо бирдигиндеги документтер сакталат. Анын ичинен Чүй облустук мамлекеттик архивинде 676 фонд 122287 с.б. райондук, шаардык жана аймактык архив мекемелеринде 2042 фонд 415403 с.б.

1911-2022-жылдардагы облустун тарыхын тастыктаган документтер сакталууда. Документтердин курамына бардык облустук, райондук жана шаардык мекемелердин туруктуу сакталуудагы, өздүк курам боюнча документтери, облустун белгилүү инсандарынын жеке архивдери жана алгачкы картографиялык документтер сакталат.

2022-ж. ичинде облустук архив мекемелерине жарандардын социалдык-укуктарын камсыздандыруу боюнча 19678 суроо талап келип түшкөн, аткарылганы 27261 суроо талап. 243 тематикалык суроо талап келип түшкөн 246 с.б., почта аркылуу 7453 суроо талап жөнөтүлгөн.

Чүй облусунун мамлекеттик архив мекемелери облустун тарыхын түзүүчү топтоо булактарынын 2022-ж. тизиминдеги 329 мекеме-уюмдар менен ар кандай багыттардагы иштерди алып барат. Чүй облустук мамлекеттик архиви 24 топтоо булагы, райшаармамархивдер 305 топтоо булагы ЭТУК макулдашылып иш жүргүзүүдө. Мекеме-уюмдардын негизги милдеттери КР УАФ жөнүндөгү мыйзамында белгиленген.

Облустук мамлекеттик архивдин укуктук базасы

  Кыргыз Республикасынын УАФ фондусу бул тарыхый жактан калыптанып, такай толукталып туруучу КР өнүгүшүнүн мамлекеттик, экономикалык, социалдык-маданий, коомдук-саясий чөйрөлөрдүн ишинен түзүлгөн документтердин жыйындысы. Бул элдин тарыхый жана маданий мурасы, энчиси жана анын документтештирилген тарыхы. УАФ өз алдынча маалымат түзүмү жана улуттук маалымат ресурсу болуп, коомдун улам өсүп жаткан маалыматка болгон талабын камсыз кылууга, мамлекеттик башкарууга, илим жана маданияттын өнүгүш маселелерине кызмат кылат. УАФнун документтери мыйзам аркылуу корголот.

 УАФсу менчик түрүнө карабастан КР территориясында иштеген жана иштеп жаткан ишкана мекемелердин, уюмдардын документтерин сакталышын камсыздоо үчүн облустук мамлекеттик архивке кошумча жай жана капиталдык ремонт зарыл. Облуста материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн эмеректер, темир шкафтар, документ койчу жыгач текчелерди жаңы темир текчелерге алмаштыруу ж.б. иштерди жүргүзүү керек.