Бишкек шаардык мамлекеттик архиви Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин 1977-жылдын 14-июлундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин токтомунун аткарылышы боюнча” жана 1970-жылдын 13-апрелиндеги № 134 “Республикадагы архив ишишнин абалы жана андан аркы өнүгүшү” токтомдорун ишке ашыруу үчүн Фрунзе шаардык Эл депутаттарынын Аткаруу комитетинин 1977–жылдын 1-декабрындагы № 668 чечиминин негизинде Фрунзе шаардык бириккен мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви түзүлгөн.
Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1994-жылдын 7-апрелиндеги № 190 токтомунун негизинде 1994-жылдын 1- майынан баштап Бишкек шаардык мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви түзүлгөн
Шаардык мекеме аралык өздүк курам боюнча архиви Бишкек шаардык мамлекеттик архиви болуп Бишкек шаардык мэриясынын 2001-жылдын 30-апрелиндеги № 327 токтомунун негизинде макамын өзгөрткөн.