Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

Ош шаардык мамлекеттик архиви «Республикада архив ишинин абалы жана аны жакшыртуу чаралары» жөнүндөгү Кыргыз ССР Министрлер Советинин 13-апрель 1970 –жылдагы №134 токтомун ишке ашыруу боюнча Кыргыз ССР Министрлер советинин 14-июль 1977-жылдагы №377 токтомунун негизинде Ош шаардык аткаруу комитетинин 1977-жылдын 11-октябрындагы №450 чечими менен «Ош шаардык тармактар аралык өздүк курам боюнча бирикме архиви» (ОМВАЛС) болуп уюшулган. Архивдин имаратына шаардык аткаруу комитетинин (Горисполком) 1978-жылдын 6-сентябрындагы №90-р буйругу менен 1960-жылдары жеке менчикке Комхоз тарабынан курулган Фергана көчөсүндөгү №114 үй берилген, имараттын жалпы аянты 256м2 болуп 20 миӊ документ сактоого ылайыкташтырылган. Штат бирдиги 3 кишиден: архив жетекчиси, 1 архив кызматкери, 1 кароолу бар өзүнчө мөөргө жана штампка ээ мекеме болуп түзүлгөн. Архивге жетекчи болуп Областтык архивтен архив кызматкери Кадыров Ташбай Кадырович дайындалган.

Архивге документтерди кабыл алуу иши 1978-жылдын декабрь айынан башталып, 1978-1985-жылдар аралагында шаардагы 54 мекемеден өздүк курам боюнча 37914 сактоо бирдиги кабыл алынып, документ сактоочу жайлар 150 пайызга толуп, андан ары документ кабыл алуу мүмкүнчүлүгү токтогондугуна байланыштуу 1988-1990-жылдары шаардык архивдин имаратына толук реконструкция жасалып, капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. 2009-жылы архивдин имараты экинчи жолу капиталдык ремонттон өткөрүлүп, документ сактоочу жайлардагы нормалдуу режимди кармоо максатында кондиционерлер менен толук камсыздандырылды. Иштөө бөлмөлөрүнө жаңы эмеректер, оргтехникалар сатылып алынып, архивдин айланасы темир кашаа менен тосулуп, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. 1990-жылдардан кийин мекеме-ишканалар жоюлуп, бири-бирине кошулуп , кыскарып кеткендигине байланыштуу архив кызматкерлерине өзүн-өзү каржылоо кыйындайт, ошол себептен Облусттук мамлекеттик администрациясынын 22-сентябрь 1994-жылдагы №100-р буйругу менен шаардык архив бюджеттик мекемелердин катарына өткөрүлгөн. Ош шаардык тармактар аралык өздүк курам боюнча бирикме архиви" 1998-жылдан "Ош шаардык архиви" деп аталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-апрель 2002-жылдагы №264 токтому менен "Ош шаардык мамлекеттик архиви " болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 18-февралындагы Указы менен Ош шаарына "Кыргызстандын экинчи борбору" макамы берилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-апрелдеги №208 токтому менен шаардын структуралары бекиген, ошого байланыштуу Ош шаардык мамлекеттик архиви да шаардын структурасына кирип, Облусттук архив жана документация башкармалыгынан 2004-жылдын январынан бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы №517 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив кызматынын структурасына кирген. 2004-жылы шаардык архивдин имараты архивдин балансына алынды. 2004-2007-жыл аралыгында штатта чоң өзгөрүүлөр болду, кызматкерлердин саны өсүп, кызмат орундарына өзгөрүүлөр киргизилген, 2 башкы архивист, 3 бөлүм башчы орундары чечилип, 2-бөлүм ачылган, кызматкерлердин саны 17ге жетип, фонддордун саны 136 га, документтердин саны 103180 жеткен. Документтердин саны өскөн сайын, документ сактоочу жайларга болгон муктаждык кайрадан жаралган.

2010-жылдагы Оштогу коогалаңдан кийин гана жалпы аянты 543,76 чарчы метр кошумча жаңы имарат Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция тарабынан курулуп, 2012-жылдын 11-майында пайдаланууга берилген.

Мамлекеттик сактоого алынган документтердин саны өскөн сайын, андагы аткарыла турган жумуш, ошону менен бирге жумушчу орундар да өскөн. Башында үч гана кызматкер эмгектенип баштаган шаардык архивде бүгүнкү күндө 3 бөлүм ачылып 22 кызматкер эмгектенет. Сактоого алынган фонддордун саны 295ке жетип, 1946-2020-жылдар аралыгындагы 162 миңге жакын дело сакталууда. Архив ишин өнүктүрүүдө Ош шаардык мамлекеттик архиви «Улуттук Архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 04.04.2013-ж. №2970-V токтомун, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама жөнүндө» 03.03.2020-ж №120 токтомун, «мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө» 18.03.2014-ж. №160 токтомдорун, Архив агенттигинин буйруктарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү программасынын негизинде иш жүргүзүп келет.