Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

   

 

   

4-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 257 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө
ЖОБО

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы (мындан ары - Архив кызматы) Кыргыз Республикасынын архив иши жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

 

Архив кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.

2. Архив кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Архив кызматы юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.

4. Архив кызматынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерден тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.

5. Архив кызматынын ишин Министрлик контролдойт.

6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:

мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы";

расмий тилде: "Архивная служба при Министерстве цифрового развития Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

мамлекеттик тилде: "Архивкызматы";

расмий тилде: "Архивнаяслужба".

7. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105.

2. Архив кызматынын максаты

8. Архив кызматынын максаты Кыргыз Республикасынын архив иши жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.

3. Архив кызматынын милдеттери

9. Архив кызматынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик архивдер системасынын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын ишин контролдоо;

2) иш кагаздарын жүргүзүү маселелери жана архивдик документтер менен иштөө боюнча мамлекеттик архивдердин менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;

3) жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо;

4) Кыргыз Республикасында архив ишин тармактык жана тармактар аралык башкаруу.

4. Архив кызматынын функциялары

10. Архив кызматы максатына жана ага жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:

- архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана өнүктүрүү стратегиясы, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык ресурстарды ишке киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликтин кароосуна киргизет;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга катышат, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;

- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар ишинде пайдалануу үчүн милдеттүү болгон архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу маселелери боюнча типтүү ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгат;

- архив ишин өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгат;

- архив ишинин жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштуруунун маселелери боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар тарабынан иштелип чыгуучу методикалык документтерге макулдук берет;

- мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануунун тартибин белгилейт;

- сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен документтердин тармактык тизмектерин бекитет;

- мамлекеттик жана ведомстволук архивдердин кызматкерлерин даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын карайт;

- Министрлик менен макулдашуу боюнча Архив кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин алардын сакталган жерине жана менчигинин түрүнө карабастан, борборлоштурулган мамлекеттик эсепке алат;

2) координациялоо жана контролдоо функциялары:

- архив жүргүзүү, документ менен иштөө, археография жаатындагы илимий-изилдөө жана методикалык ишти жүргүзөт жана координациялайт;

- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар кайра уюшулганда жана жоюлганда архивдик документтерди сактоо шарттары жана жери жөнүндө корутундуларды берет;

- мамлекеттик жана ведомстволук архивдерде сакталууга тийиш болгон документтердин жана мамлекеттик архивдердин комплекттөө булактары болгон мекемелердин курамын аныктайт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, пайдаланууну камсыздоодо жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштурууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;

- архивдик документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсепке алынышын камсыздоо боюнча талаптарды аныктайт;

3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү функциялары:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерине "өзгөчө баалуу" жана "уникалдуу" статусун берүү боюнча иштерди уюштурат;

- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинен заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен көрсөтүүнү камсыздайт;

- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздугун камсыздоого катышат;

- мамлекеттик архивдерди мамлекеттик маанидеги документтер менен комплекттөөнү камсыздайт;

- архивдик документтерге, анын ичинен жеке менчикке тиешелүү документтерге экспертиза жүргүзүүнү камсыздайт;

- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын жана ведомстволук архивдердин ишин жакшыртуу боюнча иш-чараларды, анын ичинен иш кагаздарын жүргүзүү абалын жана ведомстволук архивдердин ишин кароону өткөрөт;

- мамлекеттик архивдерде сакталуучу ретроспективдүү документтик маалыматты берүүнү камсыз кылат;

- ретроспективдүү документтик маалыматка коомчулуктун керектөөсүн изилдөө жана аны пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча иштерди жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жарыялайт, архив иши жана иш кагаздары боюнча илимий, илимий-популярдуу, илимий-методикалык, маалымдама адабиятты, маалыматтык материалдарды басып чыгарат;

- ата мекендик жана чет өлкөлүк архивдик мекемелердин иш тажрыйбасын үйрөнөт, жалпылайт жана жайылтат, илимий-практикалык конференцияларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрөт.

11. Архив кызматы өзүнүн компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды аткарат.

5. Архив кызматынын укуктары жана милдеттери

12. Архив кызматы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;

2) мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан, ошондой эле жарандардан Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунда болгон документтердин курамы жана көлөмү, аларды сактоо жана пайдалануу шарттары жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга;

3) ведомстволук архивдердин иши жана мамлекеттик органдарда, мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө маселелерди Архив кызматынын коллегиалдык органдарынын жыйналыштарында кароого;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого;

5) Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүндөгү документтердин келишимдерди түзүү аркылуу комплекттөө булактары болгон уюмдарда убактылуу сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик архивдерди түзүү, жоюу жана кайра уюштуруу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизүүгө;

7) архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу маселелерин кароо үчүн туруктуу жана убактылуу ведомстволор аралык комиссияларды түзүүгө;

8) берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер же жоопкер катарында чыгууга;

9) өзүнүн компетенциясынын чегинде Архив кызматынын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди ишке ашырууга.

13. Архив кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;

2) бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;

3) түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга.

6. Архив кызматынын ишин уюштуруу

14. Архив кызматын төрага башкарат, ал Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

15. Архив кызматында төраганын эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Төраганын жана анын орун басарларынын функциялык милдеттерин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри бекитет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Архив кызматынын, анын ведомстволук жана региондук башкармалыктарынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри менен макулдашуу боюнча төрага тарабынан бекитилген штаттык сандын чегинде бекитилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Архив кызматынын, анын ведомстволук жана региондук башкармалыктарынын мамлекеттик жарандык кызматчы болуп эсептелген кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Архив кызматынын, анын ведомстволук жана региондук башкармалыктарынын мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте төрага тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Архив кызматынын төрагасы:

1) Архив кызматын, борбордук, облустук, шаардык жана региондук мамлекеттик архивдерди жетектейт;

2) Архив кызматына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) өзүнүн компетенциясынын чегинде Архив кызматынын, борбордук, облустук, шаардык жана региондук мамлекеттик архивдердин кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;

4) борбордук, ведомстволук жана региондук башкармалыктары жөнүндө жоболорду бекитет;

5) Министрлик менен макулдашуу боюнча ведомстволук жана региондук башкармалыктардын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жетекчилеринин, кызматкерлеринин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитет;

6) Архив кызматынын ички иш тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;

7) сот жана башка мамлекеттик органдарда Архив кызматынын кызыкчылыктарын коргоого белгиленген тартипте ишеним каттарды берет;

8) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Архив кызматынын кызыкчылыгын коргойт;

9) Архив кызматынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте Архив кызматынын жана Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого Министрликке сунуштайт;

10) мыйзамдарда белгиленген тартипте Архив кызматынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

11) Архив кызматынын системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;

12) финансы каражаттарын тескөөчү болуп саналат;

13) Министрликке Кыргыз Республикасында архив ишин уюштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

14) Архив кызматынын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басарларынын бири аткарат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Архив кызматында анын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруучу ведомстволук жана региондук башкармалыктар бар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Архив кызматынын кызматкерлери аларга жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, мыйзамга каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, жазык жоопкерчилигине тартылышат.

24. Архив кызматынын алдында төмөнкүлөр иштейт:

1) архив ишинин маселелерин кароо жана мамлекеттик архив мекемелеринин ишин уюштуруу үчүн коллегиялуу чечим кабыл алууну талап кылган Архивдик кеңеш;

2) архив жүргүзүү, документ менен иштөө жана археография жаатындагы илимий-методикалык иштин маселелерин кароо үчүн Илимий-методикалык кеңеш;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин курамын аныктоо, документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү жана аларды мамлекеттик сактоого тандоо менен байланышкан маселелерди кароо үчүн Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясы.

Архивдик кеңештин, Илимий-методикалык кеңештин жана Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясынын курамы жана алар жөнүндө жоболор Архив кызматынын төрагасы тарабынан бекитилет.

7. Архив кызматынын мүлкү

25. Архив кызматынын ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) республикалык бюджеттин каражаттарынын, анын ичинде атайын эсептерде топтолгон каражаттардын;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын,

26. Каражаттарды сарптоо төрага тарабынан бекитилген сметалардын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

27. Архив кызматы белгиленген тартипте финансы каражаттарынын эсебин жана отчеттуулукту жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик маалыматтарды жана башка отчетторду даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.

8. Корутунду жоболор

28. Архив кызматын кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

26. Архив кызматынын иши токтотулганда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.