2023-жылдын 15-сентябрында Ысык-көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Тоң райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Түлөбаев Балбак Зарлыкович, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Султанбаева Айнура Жолдошбековна, КРнын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, КРнын СӨМнин алдындагы Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Астанакулов Байышбек Кахроманович, Тоң райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Алчикеев Турсунбек Жунушбаевич жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.
Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги Айткулиева Берметгүл Оморовнанын айтымында, мурунку имарат 1956-жылдары курулуп жараксыз авариялык абалга келип калган.
«Долбоор Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл кеңешинин сессиясында каралып 2020-жылдын 13-февралындагы №2 токтому чыгарылып 0,15 га жер тилкеси жаңы имарат курууга берилген Тоң райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратын салуу иштери 2022-жылдын август айында башталган», - деди ал.
Азыркы учурда Тоң райондук мамлекеттик архивинде 143 фонд 24297 сактоо бирдиги бар.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Санарипттик өнүктүрүү министирлигине караштуу Архив кызматынын буйругунун негизинде 2023-жылдын август айында 5618 сактоо бирдиги Ысык-Көл башкармалыгынан Тоң райондук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилди.