2024-жылдын 5-сентябрынан 7-сентябрына чейин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тутумунун кызматкерлеринин арасында республикалык спартакиада болуп өттү.
Иш-чараны Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгы Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте уюштурган.
Салтанаттуу иш-чараны Архив кызматынын Нарын региондук башкармалыгынын башчысы Ниязбек Шаякматов ачып,: " Биздин аймак бул маанилүү иш-чара үчүн архив кызматкерлери өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтүп, байланыштарын чыңдай ала турган аянтча болуп калганына биз сыймыктанабыз " – деди ал.
Андан соң сөздү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева алды. Ал өз сөзүндө "Мындай иш-чаралар бизди бириктирип, бири-бирибизди жакындан таанып-билүүгө жана жамаатыбызды бекемдөөгө жардам берет. Бул биздин тарыхыбызды сактап калуу үчүн чогуу иштеген күчтүү жана ынтымактуу команданы түзүү жолундагы маанилүү кадам..."деп баса белгиледи:
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан мамлекеттик архивдердин кызматкерлери катышты. Алар футбол, волейбол, бильярд жана аркан тартыш сыяктуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышты ал эми кийинки спорттук иш-чараны өткөрүү эстафетасы Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгына тапшырылды.