Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

IMG 0167 removebg previewБул китеп Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Жыйнак 3 томдон турат.
Биринчи томдо 1924-жылга чейин Түркстан автономдук ССРинин курамындагы округдардын, волостордун байыркы аталыштары да сакталып калган. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун бөлүнүшү менен административдик-аймактык жаңылануулар кирген. Мисалы: Кара-Кыргыз автономиялуу облусу - Кыргыз автономиялуу облусу, Пишпек шаары - Фрунзе шаары ж.б.
Экинчи томдо Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 1946-жылдардан баштап айыл чарбаны, экономиканы, маданияттын өнүгүшүн, административдик башкарууну жеңилдетүү максатында бир катар облустардын кыскаргандыгы жана кайра уюушулгандагы. Мисалы: Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Фрунзе облустары кыскарып, Ош жана Тянь-Шань облустары уюушулганы, ж.б.у.с. административдик-аймактык бөлүнүштөр боюнча документтер кирген.
Үчүнчү томдо Эгемендүүлүктү алгандан кийинки көптөгөн административдик-аймактык өзгөрүүлөр кирген. Мисалы: Баткен облусунун уюшулушу, Фрунзе шаары - Бишкек шаары аталышы. Шаар, айылдардын тарыхый аталыштары калыбына келтирилип жазылышы. Үчүнчү томдуктун өзгөчөлүгү документтер эки тилде, орус жана кыргыз тилинде топтолгондугу.