1965-жылдын 12-апрелинде Ош шаарында туулган.
1981-1986-жж. - К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институту, адистиги агроном.
Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги.
Муниципалдык кызматынын II-класстагы кеңешчи.
Эмгек жолу:
1986-1987-жж. - «Кызыл-Октябрь» совхозу, бригадир, талаачылык агроном.
1987-1992-жж. - «Кызыл-Октябрь» совхозу, жаштар комитети, катчы.
1992-1994-жж. - «Кызыл-Октябрь» атындагы чарба, агроном.
1994-1996-жж. - «Кызыл-Октябрь» айыл өкмөтүндөгү чарбада жер реформасы боюнча айылдык комитет, жетектөөчү адис.
1996- 2002-жж. - «Кызыл-Октябрь» айыл өкмөтү, жетектөөчү адис.
2002-2005-жж. - Өзгөн райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгы, жетектөөчү адис.
2005- 2013-жж. - «Кызыл-Октябрь» айыл аймагы, жетекчи.
2013-2017-жж. - Жеке ишкер.
2017-2018-жж. - Өзгөн райондук мамлекеттик администрация, акимдин орун басары.
2018-2020-жж. - Өзгөн райондук мамлекеттик администрация, аким.
2020-2022-жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, биринчи орун басар.
2022-2023жж. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, кеңешчи.
2023-жылынан Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы, башчы.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы жана башка ведомстволордун грамоталары менен сыйланган.