Урматтуу архив кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Архив кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаганымды кабыл алыңыздар!
Ар дайым архив кызматкерлери өздөрүнүн тарыхый жоопкерчилигин сезип, документтердин сакталышын камсыздап, келечек муундарга өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышат.
Келечек муундар үчүн эң бай тарыхый жана документалдык мурастарды сактап калууга мүмкүндүк берген түйшүктүү, ак ниет эмгеги үчүн бардык архив кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет.
Кесиптик майрамыңыз күнү Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, кесиптик жана жеке ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен, Мария Артелиевна Алыбаева, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы.