Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

WhatsApp Image 2023 09 14 at 14.06.242023-жылдын 14-сентябрында Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарында Балыкчы шаардык мамлекеттик архивинин кошумча архив сактоочу жайы ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Архив кызматынын төрайымы Мария Алыбаева, Балыкчы шаарынын мэри - Анарбек уулу Азамат, Балыкчы шаарынын депутаттар кеңешинин төрагасы-Абдразаков Жакшылык Мурзабаевич жана жергиликтүү жетекчилер катышышты.

Архив кызматынын Ысык-Көл региондук башкармалыгынын башчысы Айткулиева Берметгул Оморовнанын айтымында, мурунку имарат Рыбачье шаарындагы   транспорттук мекемеге тиешелүү болгон 1954-жылдары курулган имаратты архивдик документтерди сактоого ыңгайлаштырып  жасап беришкен . « Архив сактоочу жайыбыздын авариялык абалында болгондуктан, 2022-жылдын август айында Архив кызматы тарабынан архив сактоочу жайдын курулушуна акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери башталып, быйыл ишке берилүүдө», - деди ал.

 Азыркы учурда Балыкчы шаардык мамлекеттик архивинде 150 фонд 23436 сактоо бирдиги бар. Учурда архивде 5 кызматкер эмгектенет, 3 кызматкер “Архив ишинин отличниги” төш белгисинин ээси: У. Токсомбаева, З. Уметалиева, К. Куленбекова.

WhatsApp Image 2023 09 14 at 14.06.15WhatsApp Image 2023 09 14 at 14.06.26WhatsApp Image 2023 09 14 at 14.06.13