Бүгүн, 2023-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында саат 10:00дө машыгуу сиренасы жаңырды.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын кызматкерлери өлкөдө жыл сайын 5-октябрда белгиленүүчү «Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү», айлыгынын алкагында өткөрүлгөн окуу иш-чарасына катышты..
Иш-чаранын максаты — өзгөчө кырдаалдар, жер титирөө, өрт учурунда жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүү, ошондой эле уюшкан жана өз убагында эвакуациялоо көндүмдөрүн жогорулатуу.