Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

img102024-жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аянтында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы, КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту жана «Звезда» телеканалы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде жана КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинде сакталган архивдик документтердин негизинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду

Көргөзмөнү Архив кызматынын төрагасы М.А. Алыбаева жана КУУнун ректору Т.А. Абдырахманов ачышты.

М.А. Алыбаева бул көргөзмөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: «...Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн башында кимдер турганын студенттер билиши үчүн».

Мындан тышкары М.А. Алыбаева архивдик документтер архивдерде жөн эле жатпастан, «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандай колдонулушу керектигин белгиледи. Коом Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев сыяктуу улуу мамлекеттик ишмерлер жөнүндө, анын ичинде мына ушундай фотодокументалдуу көргөзмөлөр аркылуу билүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да катышышты.