Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79-жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы 2015-жылы түзүлгөн “Фронттон келген каттар” виртуалдык көргөзмөсүн жаңыртты.
Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын каттарынын түп нускалары коюлган..
Бардык материалдар жоокерлердин турмушун, алардын мекенчилдигин, жакындарына болгон сезимдерин чагылдырат.
Ресурс 2015-жылы түзүлгөн; бул жылы көргөзмө фронттон келген 13 жаңы кат менен толукталды.
Виртуалдык көргөзмөнү letters.archive.kg шилтемеси менен Архив кызматынын сайтынан көрө аласыздар.