Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

photo 5465378801245609999 y2024-жылдын 21-июнунда – Талас шаарынын 80 жылдыгына карата Архив кызматынын Талас облустук башкармалыгынын иш планынын алкагында «Талас — куттуу өрөөндүн ордо шаары» аттуу кече болуп өттү.

Иш-чарада Талас өрөөнүндөгү жалгыз шаардын тарыхын чагылдырган архивдик документтердин жана Талас облустук статистика башкармалыгынын материалдарынын негизинде кең Талас өрөөнүндөгү жалгыз шаардын тарыхы боюнча баяндамалар берилди. Айкөл Манастын кичи мекени катары таанылган бул шаар Кыргызстандын тарыхында татыктуу орунду ээлейт.
Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары Талас шаарына арналып жазылган ыр саптар окулуп, обондуу ырларды тартуулашты. Чыгармачылык оюн-зооктор майрамдын шаңына көрк кошуп, өлкөнүн маданий-тарыхый шартында шаардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Талас шаары өзүнүн кайталангыс тарыхын, маданий мурастарын сактап, гүлдөп-өнүгө беришине тилектешпиз. Шаар тургундарына бакыт-таалай, тынчтык жана көп жылдар бою бакубат жашоо каалайбыз!