Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

72024-жылдын 15-июлунда Архив кызматында Архив кызматынын төрагасы Мария Артельевна Алыбаева менен Татарстан Республикасынын архив иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Гузель Ильдусовна Ильдарханова-Балчикланын жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө архивдик иш чөйрөсүндө санариптик технологияларды киргизүү, ошондой эле архивдик фондду комплекттөөнү уюштуруу, документтерди сактоо жана жайылтуу, архивдик документтерди реставрациялоо жана сактоо маселелери талкууланды. М. А. Алыбаева Кыргызстандын архив тармагындагы жаңылыктар, жылыштар, архив кызматы тарабынан даярдалган долбоорлор тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Г.И. Ильдарханова-Балчиклы Татарстан Республикасынын архив иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ишмердиги жөнүндө көлөмдүү презентациясын тартуулады.

"Санариптик трансформация өзгөчө кызыгууну жаратууда жана биз бул тармактагы өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, сиздердикин да кабыл алгыбыз келет" - деди Г.И. Ильдарханова-Балчиклы. Ошону менен бирге, тараптар 1998-жылдын 12-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери боюнча департаменти менен Татарстан Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун ордуна Архив кызматы менен Татарстан Республикасынын мамлекеттик комитетинин ортосундагы келишимдин долбоорун талкуулашты.

Жолугушуунун аягында Архив кызматынын жетекчилиги Г.И. Ильдарханова-Балчиклага Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин архив сактоочу жайлары жана кабинеттери боюнча обзордук экскурсия өткөрдү