Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

photo1112024-жылдын 19-июлунда "Биринчи радионун "Кыргызстан" программасында "АРХИВДЕРДИН ТАРЫХИЙ ЭСТЕЛИКТЕРДИ САКТООЧУ ЖАЙЛАР КАТАРЫНДАГЫ ӨЗГӨЧӨ МААНИСИ" темасы талкууланды.

Түз эфирге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Назаралиев жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин директору Замира Жумагулова катышышты.
Программа алкагында архивдердин тарыхый эстеликтерди сактоочу жайлар катары мааниси талкууланды. Негизги көңүл архив материалдарын санариптештирүү маселесине бурулду, бул алардын жеткиликтүүлүгүн жана сакталышын камсыз кылат. Катышуучулар архивдердин тарыхый мурастарды сактап калуу жана жайылтуудагы маанилүүлүгүн белгилешти.