Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

IMG 1488Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин кезектеги 20-жыйыны өтүүдө.

Кеңеш өз ишин 7-августта Душанбе шаарында баштаган жана бүгүн да уланат, деп билдирет НИАТ Ховар агенттигинин кабарчысы.

Жыйындын алкагында “Заманбап коомдо үн жана кинодокументтерди архивдөө: өнүгүүнүн татаал процесси” аттуу илимий-теориялык конференция өтүүдө.

Жолугушуунун коноктору жана катышуучулары Душанбе жана Гиссар шаарларынын тарыхый-маданий жерлерин, ошондой эле Варзоб аймагын кыдырып чыгышы күтүлүүдө.

ФОТО: НИАТ «Ховар»