Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу
АРХИВ КЫЗМАТЫ

53053915529374511562024-жылдын 7-8-августунда Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин кезектеги 20-жыйыны болуп өттү.

Консультативдик кеңешке: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын төрагасы М.А. Алыбаева, Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгынын бөлүм башчысы Н. Эминов, Армения Республикасынын Улуттук архивинин директорунун орун басары А.М. Симонян (онлайн), Беларусь Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдер жана иш кагаздарын жүргүзүү департаментинин директору О.Л. Воинов, Федералдык архив агенттигинин (Россия Федерациясы) жетекчисинин орун басары А.В. Юрасов, Узархив агентствосунун (Озбекстан Республикасы) генералдык директору У.М. Юсупов катышышты. Отурумду Консультативдик кеңештин төрагасы, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Башкы архив башкармалыгынын төрагасы Жамила Салмон Лангари алып барды.

 

 

 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын төрагасы Алыбаева Мария Артельевна төмөндөгү маселелер боюнча доклад окуду:

Кыргыз Республикасындагы архив илиминин азыркы абалы жана өнүгүү келечегине сереп салуу.

Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө объективдүү маалыматты интернетте жана басма сөз басылмаларында жайылтуу үчүн Улуттук архивдик фонддордун материалдарына негизделген агартуучулук ишмердүүлүк боюнча долбоордун презентациясы.

Архивдөө жана документтик камсыздоо чөйрөсүндө кесиптик стандарттарды киргизүү жана өнүктүрүү.

Мамлекеттик архивдик фонддорду сапаттуу алуунун негизги элементи катары ведомстволук деңгээлде документтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар.

Санариптештирүү шартында мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин аудиовизуалдык документтери жөнүндө: коомго кызмат кылганына 80 жыл!" жана "Архивдер жана Улуу Ата Мекендик согуш азыркы маалымат мейкиндигинде" аттуу темаларда Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин директору Тищенко Елена Александровна доклад окуду.

8-августта Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Башкы архив башкармалыгы, Росархив жана ВНИДАД уюштурган "азыркы коомдогу Кинофотофонорхивдер: өнүгүүнүн актуалдуу багыттары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин төрагасы болуп кезектеги мезгилге федералдык архив агенттигинин жетекчиси А. Н.Артизов шайланды. Консультативдик кеңештин кийинки отурумун 2025-жылдын июнь айында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары Тажикстан Республикасынын Улуттук музейинде, Гиссар чебинин тарыхый комплексинде, "Кохи Навруз" сарайында жана Душанбедеги "эгемендүүлүк жана эркиндик" архитектуралык комплексинде болушту.

Белгилей кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңеши 2004-жылы 3-декабрда "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө" КМШнын Экономикалык кеңешинин чечими менен КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин атынан түзүлгөн. Кеңеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тармактык кызматташтык органы болуп саналат жана архив ишинин актуалдуу маселелерин биргелешип кароо жана аларды чечүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.