12 августа 2024 года в программе "Күн маек" на Государственном телерадиокомпании "ЭлТР" состоялось обсуждение темы «100 ЛЕТ КАРА-КЫРГЫЗСКОЙ АВТОНОМНОЙ ОБЛАСТИ. СИТУАЦИЯ В АРХИВАХ...».
Түз эфирге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Улуттук архив фондунун документтер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Анара Чекирова жана Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин директору Марат Мамадияров катышышты.
Программанын алкагында Кыргызстандагы архив иштеринин азыркы абалына байланыштуу маселелер, архивдик материалдар менен иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган документтерди сактоо жана санариптештирүү боюнча заманбап талаптарга жооп берген жаңы архивдик имараттарды куруу маанилүү темалар талкууланды. Ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларга, анын ичинде пландаштырылган көргөзмөлөргө жана илимий конференцияларга жана башка маселелерге токтолушту.