2024-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын жыйындар залында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "КЫРГЫЗСТАНДЫН АДМИНИСТРАТИВДИК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШҮ АРХИВДИК ДОКУМЕНТТЕРДЕ 1924-2005жж." архивдик документтер жыйнагынын салтанаттуу бет ачары болуп өттү.
Жыйнак үч томдон туруп, өлкөдөгү административдик өзгөрүүлөрдүн тарыхын чагылдырат.
Иш-чара чет мамлекеттердин архивдеринен алынып келинген кыргыздар тууралуу уникалдуу архивдик документтер коюлган фотодокументалдык көргөзмөнү тааныштыруу менен башталды.
Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева ачылыш сөз сүйлөп, тарыхый эстутумду сактоодо архив кызматкерлеринин ишинин маанилүүлүгүн жана архив ишинде санариптештирүүнүн ролун баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев архивисттерге тарыхый мурастын сакталышына кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди жана архив ишин санариптештирүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Андан кийин архив кызматы жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлүп, анда көрүүчүлөргө кызматтын жетишкендиктери жана анын улуттук мурасты сактоодогу ролу көрсөтүлдү.
Иш-чаранын негизги болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директору Момунов Мамат Аманович тарабынан өткөрүлгөн Административдик-аймактык бөлүштүрүү боюнча документтер жыйнагынын презентациясы болду. Өз сөзүндө бул документтер изилдөөчүлөр жана тарыхчылар үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, жыйнактын мазмунун кыскача баяндап берди.
Биринчи томдо 1924-жылга чейин Түркстан автономдук ССРинин курамындагы округдардын, волостордун байыркы аталыштары да сакталып калган. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун бөлүнүшү менен административдик-аймактык жаңылануулар кирген. Мисалы: Кара-Кыргыз автономиялуу облусу - Кыргыз автономиялуу облусу, Пишпек шаары - Фрунзе шаары ж.б.
Экинчи томдо Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 1946-жылдардан баштап айыл чарбаны, экономиканы, маданияттын өнүгүшүн, административдик башкарууну жеңилдетүү максатында бир катар облустардын кыскаргандыгы жана кайра уюушулгандагы. Мисалы: Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Фрунзе облустары кыскарып, Ош жана Тянь-Шань облустары уюушулганы, ж.б.у.с. административдик-аймактык бөлүнүштөр боюнча документтер кирген.
Үчүнчү томдо Эгемендүүлүктү алгандан кийинки көптөгөн административдик-аймактык өзгөрүүлөр кирген. Мисалы: Баткен облусунун уюшулушу, Фрунзе шаары - Бишкек шаары аталышы. Шаар, айылдардын тарыхый аталыштары калыбына келтирилип жазылышы. Үчүнчү томдуктун өзгөчөлүгү документтер эки тилде, орус жана кыргыз тилинде топтолгондугу.
Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган коноктор сөз сүйлөштү, алардын арасында Тарых илимдеринин профессору Аскар Беделбаев, Тарых илимдеринин доктору Зайнидин Курманов. Ошондой эле архив кызматынын ардагерлери Елена Романова жана Айгүл Карымсакова сөз сүйлөштү.
Иш-чара архив кызматынын ардагерлерине эстелик китептерди жана белектерди тапшыруу менен аяктады.