Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Ош региондук башкармалыгынын Кара-Суу райондук мамлекеттик архивинин бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 1-октябрынан баштап 9-октябрына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Ош шаары Чкалов көчөсү, 21
- Байланыш номери: 03222 6-42-28, 6-44-76
Кыргыз Республикасынын Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
КР Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын Кара-Суу райондук мамлекеттик архивинин – башкы архивисти
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу.
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо.
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу.
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу.
командада иштөө.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- архив иши тармагында 1 жылдан кем эмес стаж;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө Жобо.