2024-жылдын 4-октябрында, КРнын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабият таануучу, сынчы, илимпоз жана академик Абдыганы Эркебаевдин өздүк фонддун кабыл алуу аземи болуп өттү.
Иш-чарада А.Э.Эркебаевдин өздүк фондуна 25(жыйырма беш) сактоо бирдиги расмий түрдө архивге мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилди.
Бет ачар аземине КРнын СӨМ караштуу Архив кызматынын төрагасы М.А. Алыбаева, КРнын Президентинин архивинин башчысы Н.А. Базарбаева, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер ошондой эле А.Эркебаевдин үй-бүлөсү жана жакындары катышышып А. Эркебаевдин ишмердүүлүгү тууралуу документтеринин өздүк документтердин негизинде жазалган фотодокументалдуу көргөзмөсү менен таанышты.