Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы
Жалал-Абад региондук башкармалыгынын бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Документтердин тапшыруу тизмеси:
- өз колу менен жазган арыз;
- резюме;
- кадрдык жеке баракча;
- сүрөт (3х4) 4 даана;
- паспортунун көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (бар болсо);
- билим деңгээлин ырастоочу документтердин (дипломдун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- өмүр баян;
- сунуштоолор (эгер болсо)
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 1-ноябрынан баштап 8-ноябрына чейин,
Саат 08:30 – 17:30
- Дареги: Жалал-Абад шаары, Курортная №14, 2-этаж
- Байланыш номери: (03722) 2-51-45
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынын ваканттык орундары
-
№
Кызматы
Саны
Милдеттери
Талаптар
1
Архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгынын-маалыматтар жана документтерди пайдалануу бөлүмүнүн жетектөөчү архивист
1
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышуу
командада иштөө.
- 21 жаштан жогору;
- жогорку билим;
- Билүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө Мыйзамы;
- Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
2
Жалал-Абад шаардык мамлекеттик архивине -жетектөөчү архивист