2024-жылдын 6-ноябрында КР СӨМне караштуу Архив кызматында Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева менен Түркия Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик архивдер башкармалыгын жетекчиси Мухаммет Ахмет Токдемир мырзанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө архив иши жаатындагы кызматташтык, электрондук архив түзүү жана архивдик материалдарды санариптештирүү маселелери талкууланды. Санарип документтерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуунун, архив ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тарыхый документтерди санарип форматта сактоо технологияларын киргизүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуудан кийин Архив кызматынын жетекчилиги М.А. Токдемир мырза үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин архивдик сактоочу жайлары жана окутуу залдары боюнча экскурсия өткөрүлдү.
Эскертүү: 2024-жылдын 5-ноябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Түркия Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик архивдер башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Протоколго кол коюлган.